Бүгүн сиз, Сооронбай Шарипович, Кыргызстанда Манас атанын ордуна Манассыз, ошондуктан сизге кайрылып жатам.


Деп кайрылды депутат Зарылбек Рысалиев президент Сооронбай Жээнбековго пандемия менен күрөш күчөп, парламент каникулга камданып, депутаттар жаңы чакырылышка калтырбаш үчүн ондогон ар кандай мыйзам долбоорлорун шаша-буша карап жаткан мезгилде.

Саясатчы бир нече айдан бери ойлонуп келе жаткан «маселеге» мамлекет башчысынын көңүлүн бурдургусу келет. Рысалиев Таластагы «Манас Ордо» комплексиндеги аттарга эстеликтерди мингизип коюуну суранууда.

Расылиев «Манас» эпосунун башкы каарманынын эстелиги атка минбей жерде турганы бул «уят», ал эми Манастын жана анын үзөңгүлөштөрүнүн айкелдерин сыйлаш керек деп эсептейт.

Президент ата

Рысалиев мамлекет башчысын чоң эпитеттер менен атап жаткан биринчи эле депутат эмес. Сооронбай Жээнбековду журт атасы деп экс-спикер Ахматбек Келдибеков менен депутат Иса Өмүркулов да атаган, ал эми парламенттин спикери Дастан Жумабеков өлкө башчысынын кемчиликтери жок деп билдирген. Ошол эле кезде Жээнбеков Иса Өмүркуловдун биринчи эле атасы эмес — буга чейин ал өлкөнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди да ушинтип атаган.