Азырынча өзгөчө абал режими киргизилбейт — Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев азырынча өлкөдө өзгөчө абал (ӨА) режими киргизилбесин кабарлады. Буга чейин Каратаевдин кесиптеши, Саламаттык сактоо министринин дагы бир орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын жыйынында ӨА режимин киргизүү маселеси каралаарын айткан болчу.

Ошол эле күнү Бишкек мэриясынан да азырынча ӨА режими киргизилбесин билдиришти. Бирок алар эгер санитардык нормалар сакталбай, адамдар көп чогулганын улантып, өз кезегинде бул шаардыктардын көбүнө вирус жугузууга алып келсе, анда бул чечим кайра каралаарын эскертишти.

ӨА режимин киргизишпегени менен айрым чаралар көрүлүп жатат — мисалы, маморгандар аралыктан иштө мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранышты. Адамдар көп чогулган жерлерде көзөмөл күчөтүлөт — базарларда, коомдук тамактануу жайларында жана башка жерлерде.

ӨА режимин киргизүү маселеси COVID-19га чалдыккан бейтаптар каза тапкан жана жуктуруу учурлары көбөйгөнүндүктөн талкууланууда. Бул учурлар ӨА жана ӨК режимдери, анын ичинде башка да чектөөлөр алынгандан кийин өтө көбөйүп кеткен. Мисалы, орто статистика боюнча жуктургандардын саны күнүнө 30 адамдан ашкан эмес болсо, аталган режимдер алынгандан кийин бул сан күнүнө 100-200 адамды көрсөтө баштаган. 26-июнда Саламаттык сактоо министрлиги короновирус 250 адамда табылганын билдирди.

COVID-19 аныкталган бейтаптардын саны менен кошо тастыкталбаган коронавирусу бар пневмония менен ооругандардын саны да өсүп жатат. Мисалы, 25-майда тез жардам бригадалары өпкөсү сезгенип ооруган 50 бейтапты каттаган. Саламаттык сактоо министрлиги жана өкмөт чара көрүүгө аргасыз болушту — ооруканалардагы орундардын, 118 кызматындагы кызматкерлердин жана мобилдик бригадалардын саны көбөйтүлдү.