Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган кишилердин саны 4000ден ашты

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 26-июндагы брифингде өлкөдө дагы 250 адамдан коронавирус табылганын маалымдады — алардын 21и медкызматкер.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 105 (7 медкызматкер);

Чүй облусунда — 61 (9 медкызматкер);

Ош шаарында — 47 (3 медкызматкер);

Ош облусунда — 19 (1 медкызматкер);

Жалал-Абад облусунда — 12;

Ысык-Көл облусунда — 2;

Баткен облусунда — 2;

Нарын облусунда — 1;

Талас облусунда — 1 медкызматкер.

Жаңы катталган учурлардын үчөө сырттан келген кыргызстандыктардан аныкталды, калган 247 киши коронавируска өлкөнүн ичинде чалдыккан.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган адамдардын саны 4204кө жетти — анын 669у медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 2162 адам айыгып, 43 бейтап каза болду.

Бишкек шаарында — 1552, Чүй облусунда — 587, Нарын облусунда – 464, Ош шаарында – 500, Ош облусунда – 429, Жалал-Абад облусунда – 269, Ысык-Көл облусунда – 76, Баткен облусунда – 48 жана Талас облусунда 39 учур катталды.

Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктардын арасында 240 адамда коронавирус аныкталган.

Учурда ооруканаларда 633 адам дарыланып жатат. Алардын ичинде 46 бейтап оор абалда — 10 бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулган. Ал эми коронавирусту жуктурган, бирок оорунун белгилери байкалбаган 1366 бейтап үй карантининде отурат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 4212. Оорулуулар менен карым-катнашта болгон адамдардын саны 16 265ти түздү.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.