Өлкөдө дагы 27 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов

Республикалык штабдан билдиришкендей, 28-июнга карата өлкө боюнча 27 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды.

Бишкек шаарында — 7, Чүй облусунда — 7, Ош шаарында — 6, Ош облусунда — 3, Баткен облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 3 медик COVID-19 инфекциясын жуктуруп алды.

Ал эми акыркы сутка ичинде 6 медкызматкер айыгып ооруканадан чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстан боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 739 учур катталды, алардын ичинен 420 медкызматкер айыкты. Эки медик аталган оорудан көз жумду.