ReАкция 3.0 акциясынын катышуучуларынын бири. Сүрөт: Алмир Алмамбетов

Бишкек шаарында сөз эркиндиги үчүн ReАкция 3.0 жарандык акциясы өтүп жатат. Анын катышуучулары — үч күн мурда кабыл алынган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамына каршы.

Жарандык активисттер темир жол бекетинин алдында чогулушту. Катышуучулар плакаттар менен келишкен. Алардын биринде аталган мыйзамды колдоп берген спикер Дастан Жумабековдун сүрөтүн да көрүүгө болот.

«Клооптун» журналисти Алмир Алмамбетов акция башталганын жана ага 100дөгөн адам катышып жатканын айтты. Алардын арасында экс-депутат Өмүрбек Текебаев да бар.

Акциянын алкагында Эркиндик бульварынан Ак үй тарапты көздөй тынчтык жөө жүрүшү өтөт. Ошондой эле мыйзамга каршы петицияга жана арызга кол топтолот. Иш-чара саат 14:00де жыйынтыкталат.

Парламент 25-июнда кечинде «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууларда жактырды. 89 депутаттын ичинен 10у гана мыйзам долбооруна каршы добуш берди. Мыйзам долбоорун талкуулоо Жогорку Кеңештин алдындагы митинг менен коштолду — активисттер Гүлшат Асылбаева документин чакыртып, мандатын тапшыруусун талап кылышкан.

Мыйзам эми президент Сооронбай Жээнбековдун кароосуна жиберилет.