#Reакция 3.0. «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзамды легитимсиз деп табуу талап кылынды

29-июнда Бишкекте сөз эркиндиги үчүн #Reакция 3.0 тынчтык акциясы өтүп, ага 1000дей киши катышты. Алардын бардыгы Жогорку Кеңеш тарабынан 26-июнда экинчи жана үчүнчү окууда шыр кабыл алынган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзам долбооруна каршы экенин билдирип чогулушкан. Аталган мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова сунуштаган.

«Баш кесмей бар, тил кесмей жок»

Ошентип, саат 12:00дө башталган тынчтык жүрүшүнүн катышуучулары 1,5 метр аралыкты сактоо менен «Эркин сөз, эркин эл», «Баш кесмей бар, тил кесмей жок», «Гүлшат мандатыңды тапшыр», «Гүлшат фейк депутат», «Кул болбо», «Кворум жок, мыйзам жок» деген ураандарды айтышты.

Андан соң алар «Эркиндик» бульвары менен Ак үйдү көздөй жүрүш жасашты. Парламент имаратынын чыгыш тарабына орнотулган 2010-жылдагы революциянын курмандыктарына арналып коюлган монументтин жанына келишти. Ошону менен бирге президент Сооронбай Жээнбековду бул мыйзам долбоорун колдобоого чакырышты.

Акцияга чыккандар УКМК менен Башкы прокуратурага мыйзам долбоорун легитимдүү эмес деп таануу үчүн кол чогултушту. Себеби, айрым ЖМКлар мыйзам долбооруна добуш берүүдө залда болгону 30дай гана депутат болуп, кворум жок болгонун, алар башка депутаттар үчүн да добуш бергенин жазышкан. Добуш берилип жатканда залда ЖМКнын өкүлдөрү болгон эмес. Чынында залда канча депутат болгонун жана алар кандай добуш бергенин аныктоо кыйын. Добуш берүү Жогорку Кеңештин YouTube каналы аркылуу чагылдырылганы менен залда отургандар көрсөтүлгөн эмес. Жыйынтыгында, мыйзам долбоорун үчүнчү окууда 79 депутат колдоп, 10 гана депутат каршы добуш берди.

Акцияга чогулгандар топтолгон ушундай эле кол президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине дагы жөнөтүлөрүн билдиришти.

Эки саатка пландалган тынчтык жүрүшү убагында аяктады. Иш чара учурунда эч кандай коомдук тартип бузуу болгон жок. Бул ирет акциянын катышуучулары милиция кызматкерлерине ыраазчылык айтышты. Себеби алар чогулгандарды буттан-колдоп алып сүйрөбөй, сылык-сыпаа мамиле кылып жатышты.

#Reакция 3.0 тынчтык жүрүшү Виктор Цойдун «Өзгөрүүнү жүрөгүбүз каалап турат» жана Мирбек Атабековдун «Мурас ыры» менен жыйынтыкталды.

«Маалыматты манипуляциялоо» мыйзам долбоору

Аталган мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова сунушташкан. Бирок 2018-жылы интернетти ооздуктоо керектигин депутат Асылбек Жээнбеков айтып чыкканын ЖМКлар жазышкан.

Кыргызстандыктар Асылбаева менен Осмонова сунуштап жаткан адам укугун чектей турчу мыйзамдын кабыл алынышына каршы. Депутаттар фейктер менен күрөшүү үчүн деп жүйө келтирип жаткан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзам долбоору бир топ эркиндикти чектейт. Ага кабатыр болгондор абдан көп. Мисалы, юристтер эгер бул мыйзам долбору кабыл алына турган болсо, бийлик аны өзүлөрүн сындагандарга тандалмалуу түрдө колдонот деп чочулайт. Айрым сайттарды «фейк жаңылык тараттың» деп жаап коюу дагы оңой болуп калат.

Ал эми маалыматтын чын-төгүнүн буга чейин аялдар тууралуу көргөзмөнү сындап, мумияны жерге берген Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аныктайт. Алар кандай жол менен иштей турганы дагы бүдөмүк. Ошондой эле, аталган мыйзамды ишке ашырууга канча каражат жумшалаары да белгисиз.

Ошол эле учурда, юристтер коррупционерлер журналисттердин аткезчилик, паракорчулук тууралуу жасаган иликтөөлөрүн фейк деп министрликке даттанып, аларды блоктоп салдыруу мүмкүнчүлүгү жаралат деп кооптонушат.

Азыр иштеп жаткан мыйзамда деле фейк жаңылыктар менен күрөшүү нормалары каралган, кээде аны бийлик өз кызыкчылыгына колдонуп койгон учурлар бар. Мисалы айрым дарыгерлер аларда коронавирус менен күрөшүү үчүн катардагы эле коргонуучу каражаттар жетишсиз экенин айтып чыгышканда, аларды «фейк жаңылык таратканы» үчүн кечирим суратышкан. Буга Ысык-Ата районунда дарыгер болуп иштеген Бектурдун окуясы күбө.