Бишкекте 29-июнда сөз эркиндиги үчүн өткөн #Reакция 3.0 акциясына экс-депутат, оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаев да катышты. Ал Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда жактырылган мыйзам долбооруна каршы экенин айтты.

Текебаев бийлик мамлекеттик органдар жаңы шартта иштөөнүн ыкмаларын өздөштүрө албай, жаңы жол менен иштей албагандыктан эски жолго түшүп жатканын белгиледи. Бийлик маалымат монополиясын сот аркылуу, административдик жол менен калыбына келтирүүгө аракеттенип, башкача ой жүгүрткөн, башкача пикир айткан адамдарды чектеп, мамлекеттин монополиясын бекемдегенге аракет кылып жатканын кошумчалады.

«Мен бул мыйзам долбооруна каршымын. Кыргызстандагы бүгүнкү саясий абалдан улам саясий атаандаштык абдан чабал. Саясий атаандаштыкты көз карандысыз ЖМКсыз, өз оюн ачык айткандарсыз такыр элестетүүгө болбойт. Саясий атаандаштык гана бийликтин мүнөзүн жана маңызын өзгөртө алат», — деди Текебаев.

Экс-депутат акыркы беш жылда Кыргызтанда бир топ нерсе өзгөргөнүн, интернеттин аймагы кеңейип, смартфондор кары-картаң жана жаштар үчүн жеткиликтүү болуп калганын белгиледи. Ал ошондой эле, бийликтин маалымат монополиясы урап түшүп, мамлекеттик телеканалдар аркылуу гана кабар алгандардын саны бир кыйла кыскарганына токтолду.

«Эгер буга чейин калктын 95 пайызы маалыматты КТРК аркылуу алып келсе, азыр бул көрсөткүч 35 пайызды гана түзөт. Элдин 80 пайызы маалыматты интернет, социалдык тармак аркылуу алат», — деди ал.

Текебаев Кыргызстан Борбор Азиядагы интернет эркин болгон мамлекет болушу керек деп эсептейт. Ал эми бул мыйзам долбооруна президент кол коё турган болсо, анда Кыргызстан эркин эмес, тоталитардык мамлекеттердин катарына кирип калат деп чочулады. Андыктан мамлекет башчысы бул мыйзам долбооруна кол койбошу керек деген ойдо.

«Кыргызстанда интернет бир гана эркин болбостон, ар бир киши үчүн жеткиликтүү, ылдам болушу керек. Ушул көрсөткүчтөр боюнча биз өз аймагыбызда лидер болушубуз керек. Муну жасай алабыз», — деди Текебаев.

Ал ошондой эле, кандай гана тыюу салуу, же чектөө болбосун аны бийлик өз каршылаштарына карата колдонуларын эскертти.

«Маалыматты манипуляциялоо» мыйзам долбоору

Аталган мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова сунушташкан. Бирок 2018-жылы интернетти ооздуктоо керектигин депутат Асылбек Жээнбеков айтып чыкканын ЖМКлар жазышкан.

Кыргызстандыктар Асылбаева менен Осмонова сунуштап жаткан адам укугун чектей турчу мыйзамдын кабыл алынышына каршы. Депутаттар фейктер менен күрөшүү үчүн деп жүйө келтирип жаткан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзам долбоору бир топ эркиндикти чектейт. Ага кабатыр болгондор абдан көп. Мисалы, юристтер эгер бул мыйзам долбору кабыл алына турган болсо, бийлик аны өзүлөрүн сындагандарга тандалмалуу түрдө колдонот деп чочулайт. Айрым сайттарды «фейк жаңылык тараттың» деп жаап коюу дагы оңой болуп калат.

Ал эми маалыматтын чын-төгүнүн буга чейин аялдар тууралуу көргөзмөнү сындап, мумияны жерге берген Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аныктайт. Алар кандай жол менен иштей турганы дагы бүдөмүк. Ошондой эле, аталган мыйзамды ишке ашырууга канча каражат жумшалаары да белгисиз.

Ошол эле учурда, юристтер коррупционерлер журналисттердин аткезчилик, паракорчулук тууралуу жасаган иликтөөлөрүн фейк деп министрликке даттанып, аларды блоктоп салдыруу мүмкүнчүлүгү жаралат деп кооптонушат.

Азыр иштеп жаткан мыйзамда деле фейк жаңылыктар менен күрөшүү нормалары каралган, кээде аны бийлик өз кызыкчылыгына колдонуп койгон учурлар бар. Мисалы айрым дарыгерлер аларда коронавирус менен күрөшүү үчүн катардагы эле коргонуучу каражаттар жетишсиз экенин айтып чыгышканда, аларды «фейк жаңылык таратканы» үчүн кечирим суратышкан. Буга Ысык-Ата районунда дарыгер болуп иштеген Бектурдун окуясы күбө.