Өлкөдө дагы COVID-19дан 76 киши айыкты — эң көп учур Бишкекте катталды

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штабтан 30-июнга карата коронавирустан дагы 76 бейтап айыкканын кабарлашты — алардын ичинде 11 медкызматкер бар.

Айыккандардын эң көбү Бишкек жана Ош шаарларында катталды — 22 жана 19. Ош жана Нарын облустарында тогуздан, Ысык-Көл облусунда жети, Чүй облусунда беш, Талас облусунда үч, Жалал-Абад жана Баткен облусунда бирден бейтаптын коронавируска кайрадан тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Жалпысынан өлкө боюнча коронавирустан арылгандардын саны 2370ке жетти — бул жалпы оорулуулардын 44 пайызын түзөт. Ал эми айыккандардын 442си медкызматкер. Оорудан 57 киши кайтыш болду.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.