Айтматов проспектисиндеги унаа кырсыгы бир нече троллейбустун кыймылын токтотту

Бишкектин троллейбус башкармалыгынан билдиришкендей, 1-июль күнү эртең менен Айтматов проспектисинде машина троллейбустун сымы өткөн темир мамыны сүзгөн.

Окуя болгон жерден тартылган видеону «СейчасKG» телеграм-каналы жарыялады.

24.kg сайты Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгына таянуу менен «Volkswagen Poloнун» айдоочусу унаасын башкара албай калганын жазган.

Жол кырсыгынан улам мамы унаанын үстүнө кулап, троллейбус линияларына тийип өткөн. Ал убакта Айтматов проспектисинде мотоцикл бир жүргүнчүсү менен өтүп бараткан. Сым мотоциклга кулап, анын жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Троллейбус башкармалыгынан азырынча троллейбустардын түндүктү карай №5, №11 жана №14 кыймылы убактылуу токтоп турганын кабарлашты.