Сүрөт: Владимир Федотов \ Unsplash

«Власть» басылмасында «Ковид үчүн млрддар. Эмне үчүн постсоветтик өлкөлөр коронавирус менен араңдан-зорго күрөшүп жатат?» аталыштагы макала жарык көрдү. Автору — Дмитрий Мазоренко. Анда советтер союзунун тушунда болгон өлкөлөр коронавирус менен кантип күрөшүп жатканы жана оорунун жайылуусу тууралуу маалыматтар камтылган.

«Клооп» материалдын Кыргызстанга тиешелүү болгон маалыматтарын кыргыз тилине которду. Ал эми постсоветтик башка өлкөлөр боюнча жагдай менен басылманын өзүнө кирип таанышыңыздар.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эпидемияларга даярдык көрүү маанилүү экенин көп жылдан бери эскертип келгенине карабастан постсоветтик өлкөлөр пандемия жарыялангандан кийин көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушту. Vласть, коронавируска каршы күрөшүү боюнча өкмөттөрдүн чыгымдарын ДССУнун сунуштамалары менен салыштырып көрдү. Аймактын көптөгөн өлкөлөрү медициналык системаларды кыска жана узак мөөнөттүү толук каржылай албай аялуу абалга кептелди деген жыйынтыкка келген.

Саламаттык сактоо тармагында өлкөлөрдүн өзгөчө кырдаалдарга даярдык маселеси глобалдык институттардын деңгээлинде 10 жылдан бери талкууланып келүүдө. 2019-жылдын сентябрында ДССУ бул тема боюнча кезектеги баяндамасын чыгарып, анда көптөгөн өлкөлөр даярдык иш-чараларына кетчү чыгымдарды дагы деле этибарга албай жатканын констатация кылган. ДССУ менен Дүйнөлүк банктын баалоолоруна ылайык, оорулардын жайылуу потенциалын азайтуу үчүн мамлекет жыл сайын бир кишиге орточо эсеп менен 1-2 доллар коротушу керек. Уюмдардын эсептөөлөрү боюнча, ветеринария жана саламаттык сактоо кызматтарын күчөтүү үчүн ар жылдык 1,9-3,4 млрд доллар бөлүп туруу дүйнөгө 30 млрд доллар зыянды компенсациялоого жардам бермек.

Борбор Азия мамлекеттеринин акыбалы сезилээрлик начар. Ал жактарда саламаттык сактоого кеткен чыгымдардын бир жылдык өлчөмү адам башына 740$ды түзөт. Жада калса Казакстанда, тагыраагы, аймакта медицина барынан да көп каржылаган өлкөдө саламаттык сактоо тармагы Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) стандарттарынан артта калып атканы байкалаарлык. Бул өлкөлөрдүн өкмөттөрү байыртадан бери эле жүктү үй-чарбаларына артып келет жана ал жалпылаганда мамбюджеттин саламаттыкка жумшаган каржысынан ашат. Бул көрсөткүчтөрдүн катышы дүйнөдө эң эле жогору болуп эсептелет. Ушул себептүү Борбор Азиянын ар бир өлкөсү медкызматтарга катуу күч келип атканын сезген. Натыйжада алар аны колдоо үчүн ыкчам ресурстарды иштетүүгө аргасыз болушкан — бул алдын ала маалыматка ылайык, Өзбекстандын ИДПсынын 1,5%ын, Кыргызстандын ИДПсынын 5,6%ын жана Казакстандыкынын 9%ын түзгөн.

Кыргызстан (калкы — 6,48 млн адам)

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери чара көрүү аракеттерине 1,73 млрд сом (23,1 млн $) бөлүнгөн. Алардын ичинен 16 млн доллар тестирлөөгө жана медперсоналды даярдоого багытталган. Ушуну менен бирге өкмөт Кытайдан, Евразия экономикалык биримдигинен, Дүйнөлүк банктан, Ислам өнүктүрүү банкынан жана жеке донорлордон 1,6 млн доллар жардам алган. Апрель айынын ортосунда Кыргызстанда 649 жасалма дем алдыруучу аппарат бар болгон, бирок алардын жарымы гана ишке жарактуу деп таанылган. Өкмөт марттын башында эле коронавируска каршы туруштук берүү үчүн өлкөгө 100 миң тест-система, 300 жасалма дем алдыруучу аппарат, тепловизорлордун 500 ар кандай түрүн, 10 миң биологиялык коргоо костюмдары жана башкала нерселерди сатып алыш керектигин эсептеп чыккан.


ДССУнун моделине ылайык, 25 аптадан кийин Кыргызстанда инфекция жуктургандын саны 1,14 млн адамга жетиши мүмкүн. Бул учурда 103,1 миң киши ооруканага жаткырылышы керек болот.


Ал үчүн ооруканаларда кошумча 17 521 орун даярдоо керек болот (анын ичинен 695 орунду интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнөн). Жаңы орундар учурда бар болгон 29 201 койкадан сырткары даярдалат. Кыргызстан мээрбандардын жетишсиздигине тушугуп калышы мүмкүн деген коркунуч бар: бүгүн саламаттык сактоо системасында 31 096 адис бар, бул керектүү деңгээлден эки эсе аз. Эгер өлкө тесттерди сатып алууга жана жеткирүүгө байланыштуу тоскоолдуктардан арыла алса, анда процедурадан 1,81 млн адам өтө алат. Өлкө бардык сатып алууларга жана иш-чараларга жалпысынан 87,64 млн доллар акча коротушу мүмкүн, алардын жарымы жабдууларды сатып алууга, калган 25,3 млн доллар — дары-дармек жана чыгаша материалдарына, дагы 13,7 млн доллар жеке коргонуу каражаттарын алууга сарпталат.