Бир суткада дагы 327 адамда коронавирус табылды. Жалпысы — 7094

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алуунун жаңы 327 учуру тууралуу кабарлады. Алардын арасында сырттан алынып келинген учурлар жок, баары тең ооругандар менен байланышта болгондор.

COVID-19 тастыкталган жаңы учурлардын 149у Бишкекте, 65и Чүйдө, 45и Ошто, 22си Нарын облусунда, 17си Ысык-Көлдө, 12си Баткенде, 8 учурдан Ош менен Жалал-Абад облустарында жана бирөө Талас облусунда катталган.

Инфекция жугузуп алгандардын 71и — медкызматкерлер.

Саламаттык сактоо министрлиги акыркы сутка ичинде COVID-19 тастыкталбаган, бирок пневмония менен ооруган канча бейтап катталганын кабарлаган жок.

Акыркы сутка ичинде коронавирус менен ооруган 59 бейтап айыгып ооруканалардан чыгарылган. Алардын 37си Бишкекте, жетөө Жалал-Абадда, бешөө Ошто, үчөө Чүйдө, экиден Ош менен Баткен облустарында, бирден Нарын, Баткен жана Ысык-Көл облустарында катталган.

COVID-19 тастыкталган эки эркек киши каза тапкан — биринчиси Бишкектеги инфекциялык ооруканада, экинчиси Ноокаттагы ооруканада. Мындан тышкары, коронавируска тапшырган анализи таза чыккан, бирок пневмония менен ооруган 31 адам каза болду.

Өлкө боюнча коронавирусу тастыкталган 7094 учур жана COVID-19га тапшырган анализи таза чыгып, бирок пневмония болгон 3009 бейтап катталган.

7094 адамдын ичинен 2 714 адам айыгып, 78и каза тапкан. 4 302 адам дарылануунып жатат.

4 302 адамдын ичинен 670и гана ооруканада, калгандары үйдө дарыланууда. Реанимацияда 18 адам жатат.

Коронавирусу тастыкталбаган, бирок пневмония менен ооруган 3009 адамдын ичинен 736 адам айыккан, 2122 адам ооруканаларда дарыланып жатат. Учурда реанимацияда 153 адам жатат, 496 адам оор абалда. Пневмониядан жалпысынан 151 адам каза болду.

Коронавирус жуктуруунун жана пневмония менен ооруган учурлар — бул расмий маалыматтар, бул медиктерге кайрылган адамдардын саны. Көптөгөн адамдар симптому жок ооруп жатышат же медициналык жардам ала албай үйдө дарыланышууда.