Бишкек шаарынын мэриясы күндүзгү стационарлардын сүрөттөрүн жарыялады. Алардын ачылышына коронавирус жана ооруканадан сырткары пневмония менен ооруган бейтаптардын санынын өсүшү себеп болгон. Учурда ооруканаларда бейтаптар үчүн орундар, медициналык аппараттар жана медиктер жетишсиз. Кыргызстандыктарды куткарууга жардам бергиси келген жарандардын баары кол кабыш кылууда.

Кыргызтандын белгилүү инсандары медициналык аппараттарды сатып алууга акча чогултуп башташты, жөнөкөй жарандар ыктыярчы катары жардам берип жатышат, бизнес өзүнүн аянтчаларын берип көмөктөшүүдө — кафелер медиктер менен ыктыярчыларга тамак берип, отелдер өз аянтчаларын стационар жайгаштыруу үчүн берүүдө. Медиктерге жардам берүүгө айрым саясатчылар да кошулду, алардын арасында саясаттан кеткендери да бар.

Күндүзгү стационарлардын даректери белгилүү болду:

Свердлов районундагы стационар Чыгыш-5теги дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде (аянты чоң спортзалда) жайгашкан, Биринчи май районундагы стационар — Спорт сарайында, Ленин райондагы борбор — Газпромдун спорт комплексинде, ал эми Октябрь районундагы стационар 12-кичи районундагы наабайканада жайгашкан. Мэрия азырынча стационарларда медиктер жок экенин эскертип өттү.

https://twitter.com/bishkekcityhall/status/1279285702283452416

Премьер-министр Кубатбек Боронов бул стационарларда «тажрыбайлуу дарыгерлер нөөмөткө туруп, консультация берип, зарыл процедураларды жасашаарын» билдирди.

«Учурда ооруканага жата албай жаткан адамдар өтө көп. Алар оор абалдагы бейтаптардан бошобой жатат. Бирок оорунун алгачкы белгилери байкалган жарандар бар. Үйдө жатып алар оорусун күчөтүп албашы керек. Баары өз убагында медициналык жардам алуусу үчүн шаардык муниципалитеттин күчү менен борбор калаанын төрт районунда стационардык борборлор ачылат. Мында тажрыбайлуу дарыгерлер нөөмөткө туруп, консультация берип, зарыл процедураларды жасашат.

Алар күнүнө 4000ден 6000ге чейин адамды тейлешет. Зарыл болгон шартта орундар көбөйтүлөт. Адистер курч респиратордук вирустук инфекциянын, пневмониянын же сасык тумоонун биринчи белгилери пайда болгон жарандарга ушул убактылуу медициналык борборлорго кайрылууну сунушташат. Ар бир борбордун көчмө дарыканалары болот, аларда керектүү дарылар сатылат», — деп билдирди өкмөт башчы.