Кыргызстанда коронавирустун жаңы 283 учуру катталды — жалпы 7377 учур

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штабдан 5-июлда Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 283 учуру катталганын маалымдашты. Илдетти жуктуруп алгандардын арасында 32 медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 162 (11 медкызматкер);

Чүй облусунда — 31 (9 медкызматкер);

Ош шаарында — 27 (2 медкызматкер);

Ысык-Көл облусунда — 19 (5 медкызматкер);

Нарын облусунда — 18 (2 медкызматкер);

Баткен облусунда — 13 (1 медкызматкер);

Ош облусунда — 13 (2 медкызматкер).

Жаңы катталган учурлардын баары коронавируска өлкөнүн ичинде чалдыккан.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган жарандардын саны 7377ге жетти. Ооруну жуктуруп алгандардын арасында 1097 медкызматкер бар. Илдеттен 88 киши каза болуп, 2802 бейтап айыкты.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 628 адам дарыланып жатат — алардын ичинде 16 бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулган. Ал эми коронавирусту жуктурган, бирок оорунун белгилери байкалбаган 3859 бейтап үй карантининде отурат. Акыркы сутка ичинде 1975 изилдөө жүргүзүлгөн.