«Азаттык» радиосунун журналисти Бүбүкан Досалиева 5-июлда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал 62 жашта болчу. «Азаттыктын» жамааты Досалиева капыстан келген илдеттен көз жумганын белгилешти.

Жылаажын үндүү журналистти социалдык тармактарда кесиптештери, мамлекеттик кызматкерлер, жалпы эле коомчулук эскерип жатышат.

Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында туулган. Досалиева «Азаттык» радиосунда дээрлик 20 жыл эмгектенген. Алгач 1995-2010-жылдары иштеп, кайра 2017-жылдан бери аталган мекемеде кабарчы, мультимедиа жетекчиси, телеберүүлөрдүн башкы редактору, телеөндүрүш продюсери болуп иштеп келген.

Досалиева бир гана журналист эмес саясат таануу илимдеринин кандидаты, илимпоз жана окутуучу болгон. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Кусейин Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университеттиринин журналистика факультеттеринде эмгектенип жаш муундарды тарбиялаган. Аны менен катар КТРК жана Сары-Өзөн Чүй телеканалдарында иштеген. Ал ЖМК менен университеттерден тышкары мамлекеттик кызматтарды дагы аркалаган. Атап айтканда 2010-2012-жылдары президентин аппаратындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы. 2012-2014-жылдары Жогорку Кеңеште бөлүм башчы болгон.

Анын жасаган эмгеги бааланып «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” ардак наамынна татыган. Ошол эле маалда Эл аралык Айтматовдук Коомдук академиянын журналистика боюнча академиги болгон.