Апрель элдик революциясынын баатыры Кушбак Тезекбаев пневмониядан каза болду

Кушбак Тезекбаев

Ошто 7-июлда коомдук жана мамлекеттик ишмер, Апрель элдик революциясынын баатыры Кушбак Тезекбаев пневмониядан каза болду. Ал 68 жашта болчу.

Тезекбаев тууралуу президенттин сайтында некролог жарыяланды.

«Тезекбаев 2010-жылы Апрель элдик революциясындагы жеңишке жетүүгө түздөн-түз катышып, баатырдык көрсөткөн, июнь окуяларында коомдук-саясий стабилдүүлүктү сактоого, улуттар аралык достукту, ынтымакты чыңдоого кыргыздын белдүү мекенчил жараны катары зор салым кошкон», — деп жазылат анда.

Тезекбаев Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айылында туулган. Ал эмгек жолун мугалимдик кесиптен баштап, Кара-Суу райондук мал базарынын директору, андан соң аталган райондогу «Нурбагыт» фермердик чарбасынын жетекчиси болуп иштеген.

Кийинчерээк мамлекеттик кызматтарды аркалап, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу «Кыргыз турак-жай комунсоюз» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болгон.

Президенттин сайтында жарыяланган некрологдо Тезекбаевдин жаркын элеси түбөлүк сакталаары жазылган. Ага президент, спикер, премьер-министр жана бир катар депутаттар кол коюшкан.