«Бул прикол». Ысык-Көл ооруканасынын директору врачтар бир керебетте экиден жатууга аргасыздыгын танды

Журналист Алёна Хоменко 7-июлда оорукананын толуп калган бөлмөсүнүн сүрөтүн жарыялады. Сүрөттө бир кишиге ылайыкталган керебетте экиден медик уктап жатканы тартылган.

«Достор, Ысык-Көл облустук ооруканасында биздин врачтар ушундай шарттардагы обсервацияда жатышат. Ал жакта орун жок, байланышта болгон адамдардын баарын батыра албайт. Азыр жок дегенде адамдардын бир бөлүгүн башка жерге которуу тууралуу маселесин чечебиз», — деп түшүндүрүп берди ал.

Журналист ошол эле күнү дарыгерлер үчүн Караколдогу конок үйлөрүндө орун издеп баштаган.

«Бардыгы бир керебетте экиден уктап жатышат. Бир палатада 8-10 адамдан бар. Аларга чукул жардам бериш керек. Врачтарыбыз ансыз да бейтаптардын жанында суткалап кезметте, ыңгайсыз костюм, беткаптар менен жүрүшөт, эми болсо мынтип тыңыраак уктоого да мүмкүнчүлүктөрү жок. Аларга жардам берүүнү суранам. Биз өз тараптан тамак-аш жагынан жардам кылууга аракет кылабыз. Тазалыкты жана тартипти кепилдейбиз», — деп кабарлады ал.

Саламаттык сактоо министрлигинен врачтарды жайгаштыруу маселесин «чечип жатышканын» «Клоопко» билдиришти.

«Бул прикол, орун бар»

Оорукананын директору Токтобай Маанаев 24.kgнин журналисттерине жооп берди. Анын айтымында, сүрөт — бул «прикол», ал эми «дарыгерлерге обсервацияда орундар жетиштүү».

«Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритми боюнча, кезметин өтөп чыккан медперсонал тест тапшыргандан кийин үй-шартындагы обочого жөнөтүлөт. Кызыл тилкеде бир кезметте 12 адам иштейт, андан кийин үй обочосуна кетишет. Эгер аларда COVID-19 аныкталса, анда медиктер үчүн 50 койка каралган, алардын ичинен 10 койка обсервация үчүн каралган. Азыр оорукананын медперсоналынын арасында жуктургандар жок. Врачтар обсервацияда орундуктардын жоктугуна кабылган жок», — деди Токтобай Маанаев.

Ал учурда жергиликтүү кеңештин депутаты Азамат Айтбаев оорукана ашыкча толуп кеткенин маалымдады.

«Караколдо бүт оорукана толуп кеткен. Ооругандарды кабыл албай жатышат, дары-дармектердин тизмесин жазып берип, өзүңөр үйдө дарылангыла дешти», — деп твиттерде жазып, кырдаалдын курчуп кетишинен чоочулап бишкектиктерден регионго келбөөнү өтүндү. Материал жарык көрөөр алдында Маанаев комментарий алууга жеткиликсиз болуп калды жана депутаттын айткандарын ырастап же төгүндөп бере алган жок.

Ысык-Көлдө ооруканалар толуп калгандыгын укук коргоочу Динара Ошурахунова да айтууда. Ал Балыкчы шаардык ооруканасындагы кезекти айтып берип, видео жарыялаган.

Ал эми пабликтер менен соцтармактарда Чолпон-Ата шаарында медаппаратура жетишпей жатканын айтышууда. «Азаттыктын» маалыматына ылайык, бул облустун оруканаларында 193 кычкылтек концентратору бар, бирок алардын 34ү иштебейт жана 45 өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараты бар, анын 13ү иштебейт.

8-июлга карата Ысык-Көл облусунда коронавирусу тастыкталган жаңы 24 бейтап катталды. Жалпысынан облус боюнча коронавирусука чалдыккандардын саны 250 адамдан ашты — алардын ичинен 36 бейтап айыгып, экөө каза тапкан.

Ошол эле кезде өлкөдө бийлик коронавирустун кесепети деп таныган ооруканадан сырткары пневмониянын толкуну күч алууда. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги облустар боюнча пневмония менен ооругандардын маалыматын ачыктабай жатат. Болгону март айынан тарта 8-июлга чейин 268 адам көз жумганы белгилүү.