ОшМУнун 54 жаштагы окутуучусу пневмониядан каза болду

Аликжан Шерматов Сүрөт: Өткүрбек Рахманов

7-июлда Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин окутуучусу Аликжан Шерматов пневмониядан каза болду. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов «Клоопко» анын жакындарына таянып билдирди.

«Өзүнүн кант диабети бар болгон экен. Андан соң эки тараптуу пневмония менен ооруканага жаткырылып, жандандыруу бөлүмүнөн чыкпай, ооруканада көз жумду», – деди Рахманов.

Аталган маалыматты ал эмгектенген кафедранын башчысы Маматжан Арстанбеков тастыктады.

Ал Аликжан Шерматов өмүрүн медицина тармагына арнап, акыркы 5 жылдан бери жазып жүргөн кандидаттык илимий жумушун коргоого камынып жүргөн болчу деп белгиледи.

«Бирөөгө жамандыгы жок, боорукер адам эле. Күзүндө илимий эмгегин коргоп, илимдин кандидаты наамын алмак. Ал күндү устаты катары мен да аябай күтүп жүргөм», – деди ал.

Арстанбековдун айтымында, Шерматов Өзгөн районунун Куршаб айылында төрөлгөн. Анын артында жубайы, эки кызы жана бир уулу калды.