Хирург Дөөлөтбек Ибраимов 6-июлда коронавирус жана пневмония менен ооругандарды дарылап жаткан Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын жетекчилигинин үстүнөн арызданды. Ал клиникадагы жагдайды «чыдагыс болуп калды» деп атап, башкы врач Жусуп Бошкоевди коррупцияга айыптаган.
Бошкоев айыптын бардыгын четке кагып, Ибраимовду «арызданганды жактырган урушчаак адам» деп сыпаттады.
«Клооп» хирургдун кайрылуусу менен башкы врачтын жообун баяндап берет.
Ибраимов: Биз баарын жасайбыз, болгону тоскоол болбоңуз.
Өлкөнүн урматтуу жетекчилиги, Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасында киши чыдагыс жагдай жаралгандыктан кайрылып жатам.
Биз бул ылаңды дарылаганды үйрөндүк. Эч нерсеге карабай ишибизди кылып жатабыз. Ооругандар айыга баштады. Адистерибиз коронавирус жана пневмония менен ооругандарды дарылаганды үйрөнүштү. Колубуздан келип жатат. Качан бейтап дем ала албай калаарын, кайсыл учурда жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтыруу керектигин жана кычкылтек консентраторуна качан кошуш керектигин билебиз.
Бирок, тилекке каршы, бир аткаминер сөрөйдүн айынан ишибиздин бардыгы жапа чегип жатат. Обсервациянын, санэпидемкөзөмөлдүн эң жөнөкөй эрежелери сакталбай жатат. Обсервация аймагында врачтарыбыз күн сайын биздин имарат, терапевттик корпус аркылуу башкы врачтын жакын жерде жайгашкан жеке клиникасына өткөн адамдарды кезиктиришет. Башкы врач, сизге кайрылып жатам, обсервация аймагы менен жөнөкөй жарандарды өткөрбөңүз. Алар сиздин жеке клиникаңызга өтүп жатышат.
Башкы врачыбыз эң жөнөкөй шарттарды түзүп берүүнүн ордуна ишибизге тоскоолдук жаратып жатат. Муну жаткырбай, тигини жаткыр деп фамилиялар жазылган ар кандай каттарды жазат. Ал арада ооруканабызга жата албай имараттын босогосунда адамдар өлүп жатат.
Башкы врач жада калса душ кабиналарын коё алган жок. Төрт күндөн бери кызыл тилкеден тер басып чыгып жатабыз, ал жерде болсо ысык суу жок. Муздак суу менен жуунгандыктан кырылдап калганыбызды көрүп жатасыңар. А биз болсо беткап менен дем алышыбыз да керек.
Эми тамак-аш боюнча — сиз иш бөлмөңүздө катып алып бербей жаткан тамак-аш, самын каражаттарын, ал тургай лейкопластырлар менен жардам берип аткан ыктыярчыларыбызга рахмат.
Биз азыр оорунун тарыхын кол менен жазуудан баш тартып, электрондук түргө өткөрүүгө аракет кылып жатабыз. Бирок кантип? Бир бөлүмдө бир компьютер бар, анысы дагы иштебейт. Ооруган адамдын динамикасын бири-бирибизге кантип беребиз, дарылоону кантип тууралайбыз?
Тезинен эшикке чыгып, эс алып, кайра кирүүнүн ордуна биз бири-бирибизге сааттап түшүндүрүп отурабыз. Бир бөлүмдө 53 киши жатат, жаңы кирген кызматкерге эмнени кантип жасаш керектигин түшүндүрүш үчүн ар бирине жок дегенде 5-10 мүнөт убакыт бөлүш керек.
Кызматкерлерибиздин бардыгы, врачтар, медайымдар, санитарлар ошол аткаминер сөрөйдүн бетине чындыкты айткандан корушат, анткени жумуштан кол жууп калгылары келбейт. Ал бизди кайсы бир көйгөйдү айтып чыксаңар жумуштан бошотом деп коркутат. Менде ооруканада болуп жаткан башаламандыктын бардыгынын видеосу бар. Бардыгын тийиштүү органдарга көрсөтөм. Алым деле келбей калды.
Сиз кызыл тилкеге [оорусу оор өтүп жаткан бейтаптардын карантиндик аймагы] бир дагы жолу киргенге жараган жоксуз. Ал жакта эмне болуп жатканын билбей туруп биздин жумушубузду кантип тууралайын деп жатасыз? Жол тандабасыңызда телефон кармап отуруп, бизди жеңип кетем деп ойлоп жатасызбы? Уятыңыз барбы, уятыңыз? Жөн эле уятыңыз? Болбосо өзү профессор, республиканын башкы анестезиолог-реаниматологу.
Жок дегенде бир жолу кызыл тилкеге кирип, ал жакта эмне болуп жатканын, адамдар кандай кыйналып, онтоп оозу менен аба жутуп жатканын, а биздин алыбыз кеткенин көрүңүзчү. 60-65 жаштагы санитар, медайымдарды ысыктын күнүнө карабай утур-утур кызыл тилкеге киргизип жатышат. Суранам, бизге жолтоо болбоңузчу. Бардыгын өзүбүз жасайбыз, бизде бардыгы бар.
Ар бир адис алтынга тете болуп турганда, реаниматологдор жетпей жатат, а сиз болсо оорулууларды жеке клиникаңызга жөнөтүп отурасыз. Качан жеп бүтүп тоёсуз? 15 жылдан бери башкы врач. Биз эч нерсеге карабастан иштеп жатабыз. Өзүбүздүн эле кызматкерлерди артыма сайып, менин эмне кылып, эмнени айтып жатканымды аңдытып жатасыз. Уят деген барбы, сизде? Ушундай алдым-жуттумдан уялыш керек да? Качан жеп бүтүп тоёсуз, ошону айтыңызча мага? Оорукананын жанына жеке клиника, заңгыраган хан сарайларды куруп койдуңуз. Дагы качанкыга чейин? Дем ала албай калдым. Иттики десе...
Телефон кармап жол тандабастын ичинде, же кабинетиңизде кофе ичип отура бериңиз, биздин жумушка тоскоол болбоңуз. Жөнөкөй хирургдарга, терапевттерге, невропатологдорго, кардиологдорго, байкуш ординаторлорубузга, жогорку курстагы студенттерге [тоскоол болбоңуз].
Ооруп жаткан кызматкерлерге бизден обочолонууга мүмкүнчүлүк бериш үчүн биз жети-сегиз адам болуп бир бөлмөдө отурууга макулбуз, керек болсо эшиктеги отургучта отурууга да даярбыз. Ооруп жаткан кызматкерлерге дары-дармек бере албайсыз, биз өзүбүз акча чогултуп, дары алып аларды дарылап жатабыз.
Азыр мамлекет анча-мынча өзүнө келип калды. Бизге бардыгын, бардык жеке коргонуу каражаттарын беришти, дары-дармек менен камсыздашты. Өкмөт, президент күн сайын иштеп жатат. Бардыгы бар. Сиз ошол жеке коргонуучу каражаттарды размери менен туура бөлүштүрүңүз. Жаш кыздарга чоң беткаптарды, ал эми бизге - чоң эркектерге кипкичинекей беткаптарды беришүүдө.
Эгер сиз билбесеңиз, [келген бейтаптарды] сорттоо деген түшүнүк бар. Сиз деген медициналык окуу жайды аяктабадыңыз беле, профессор. Бизде баары бар, болгону баарын сорттоп, санэпидкөзөмөлдүн эрежелерин сактап мыкты бөлүштүрүш керек. Бизде баары жакшы болот, билебиз. Биз жеңебиз деген ойдобуз.
Кудай жалгасын, бошотсо бошото бериңиз. Башка жумуш таап алабыз. Жок, биз азыр кетпейбиз. Атайылап кетпейбиз, биз ишибизди адискөйлүк менен уланта беребиз. Адистердин жетишсиздигинен улам иштөөгө туура келип жатат, кетсем кетип деле калмакмын. Атам хирург, ал 80 жашта, ал коркунуч тобунда, коронавирус жуктуруп алды. Бирок мен, клиникадагы жана өлкөдөгү абалды көрүп, атамды дарылап жаткан аймактагы кесиптештериме ишенип бул жакта калдым. Аялым, бир тууган эжем ооруп жатат, дене табы 40 градус, дем ала албай жатышат. А биз иштеп жатабыз.
Өзүңөргө сак болгула, беткап тагынып, колкап кийип жүргүлө, эч жакка чыкпоого аракет кылгыла. Түшүнөм, баарынын жумушу бар, баары токтоп калды, киреше жок. Бирок жашоо ошол акчалардын, байлыктардын баарынан маанилүү. Убакыт келгенде иштеп акча таап, машиналарды, хан сарайларды аласыңар. Баарыбыз өлөбүз. Машина, хан сарайлардын эмне кереги бар? Ден соолук маанилүүрөөк, өзүңүзгө сак болуңуз.
Бошкоев: Ибраимов менен соттошмокмун, бирок убактым жок
Оорукананын башкы врачы Жусуп Бошкоев 24.kg басылмасына маек куруп, коррупция боюнча айыптоолорго жооп берди.
Башкы врач оорукананын бейтаптарынын арасында тааныштары жана туугандары жоктугун билдирди. Ал кызматкерлерине тизмеги фамилиялары жазылган бейтаптарды гана жаткырасыңар деп талап койбой турганын да айтты.
«Аялым пневмония болгон, абалы оор. Мен ал түгүл аны да ооруканага жаткырган жокмун. Ал эми Дөөлөт Ибраимов туугандарын дарылайт. Биз баарыбыз ооруну басып-туруп жүрүп өткөрөбүз, иштей беребиз», — деди Бошкоев.
Бошкоевдин айтымында, анын өпкөсүнүн 25% жабыркаган, ал эми Ибраимов ооруп жатам деп калп айтууда.
«Дөөлөт Ибраимов видеодо ооруп жатам деп айтууда, бирок ооруканага жатуудан баш тартып, ишин улантып жатат. Ал ошол видео кайрылууну жаздырып жаткан күнү соо эле жүрүп, алтургай мени менен урушканынын далилдерин бере алам», — деди башкы врач.
Бошкоев билдиргендей, №1 клиникалык ооруканасынын бардык медкызматкерлери коргонуу каражаттары менен 20 күндүк запасы менен камсыздалган, ал эми хирург айтып өткөн жеке клиниканын ага эч кандай тиешеси жок.
«Бул клиникага эч кандай тиешем жок. Ал эми Дөлөт Ибраимов — арызданып көнүп алган урушчаак адам. Март айында өз кесиптештерине да арыз жазып, кийин ал тастыкталган эмес. Аны менен соттошот элем, бирок азыр ушундай кырдаалда, убактым жок», — дейт башкы врач.
Бошкоев ошондой эле, Ибраимов бейтаптан ИВЛ аппаратын өз эжесин дарылоо үчүн алып алды деген билдирүүсү боюнча текшерүү жүргүзөөрүн билдирди. Анын айтымында, Ибраимов кызыл тилкеде кезметте иштөө үчүн кесиптеши менен алмашкан, анткени ал жакта анын аялы жана эжеси жаткан.
Башкы врач пневмония менен ооруп жаткандар дарыланган бөлүмдө ысык суунун жоктугун жыл сайын суу түтүктөрүн оңдоо жумуштары жүргүзүлөрү менен түшүндүрдү. Анын айтымында, оорукананы бейтаптарды кабыл алуу үчүн шашылыш түрдө даярдай башташкан, ошондуктан бир эле корпусту ыңгайлаштырууга мүмкүнчүлүк болгон.
«Саналуу күндөрдө эле бардык жумушту жасап, душ кабинкасын жасап, суу жылыткыч орноттук. Дароо эле 92 адамдын ордуна 110 кишини кабыл алдык. Жалпысынан бизде азыр 224 койка бар, алардын 12си реанимацияга ылайыкталган», — деди Бошкоев.