Эгер коронавирус жана пневмония боюнча статистиканы бириктирсе, анда медкызматкерлер компенсация талап кыла алышат. Ошондуктан бириктирүүгө шашылышкан жок.

Депутат Дастан Бекешев коронавирус жана пневмония менен ооруган бейтаптардын статистикасын бириктирүүгө шашылбай жаткан саламаттык министрлигинин аракеттерине карата көз карашын билдирди. Врачтар учурда аныкталып аткан пневмония COVID-19дун оор өтүшкөн формасы экенин айтышкан.

Бекешевдин ою боюнча, биринчиден айыккандар, каза болгондор жана ооруп калгандар боюнча статистика так эмес. Экинчиден, статистикаларды бириктирүүгө шашылышкан жок, анткени ал учурда медиктер аларга берилиши керек болгон компенсацияларды талап кыла алышат.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктургандардын статистикасын күн сайын кабарлап, бирок канча адамда пневмония аныкталганын айтпай келет. Вирус жуктурган медиктер тууралуу айтылганы менен пневмония тууралуу да эскеришпейт. Медиктердин арасындагы өлүмдөрдүн статистикасына да коронавируска тапшырган тести оң жыйынтык көрсөткөндөр гана кирет. Эгер тизмеге пневмония аныкталгандарды да киргизишкенде, анда тизме кыйла узун болмок.

Инфекцияга чалдыккан медиктер 200 миң сом, ал эми каза болгон медиктердин үй-бүлөлөрү 1 млн сом компенсация алууга укуктуу. Бирок акча кимге берилерин атайын комиссия чечет. Медиктердин арасында коронавирус жуктуруп алуунун 1450 учуру катталган, бирок компенсациялар дагы деле бериле элек. Компенсация вирус жуктуруунун себеби иликтелгенден кийин берилет жана маалыматты бир облус боюнча изилдеп жатышат. ССМ азыркы учурда компенсация 41 медикке гана берилгенин билдирди.

Пневмония

Пандемия башталгандан бери эле пневмониядан мурдагы жылга салыштырмалуу көп адам көз жумду — айрыкча өлүмдөрдүн негизги саны соңку айларда катталган. Ал эми жылдын ушул мезгилдеринде, врачтардын айтымында, пневмониясы ушунчалык көп болуп аткан бейтаптар болбойт.

Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов 7-июлда пневмония — бул коронавирус инфекциясынын кесепети деп билдирген, ал эми саламаттык министрлиги бул статистиканы бириктирүүнү пландап жатат, бирок азырынча аны кыла элек.