Президент Сооронбай Жээнбековдун 9-июлда YouTube каналына жарыяланган видео кайрылуусу түн жарымда өчүрүлүп 10-июлда кайрадан жүктөлдү. Бул социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан сынга алынып, талкууга жем таштады.

Колдонуучулар президенттин маалымат кызматы мындай кадамга видеого «не нравится» белгиси көбүрөөк коюлганы үчүн барды деп эсептешүүдө. Twitter социалдык тармагында жарыяланган скриншотто президенттин кайрылуусу 27 867 жолу көрүлүп, видеону «жактырбагандардын» саны 4 миң болгонун көрүүгө болот. Ал эми болгону 322 киши «жакты» деген белгини баскан.

https://twitter.com/ruskarypbekov/status/1281294181416271874

Бирок президенттин аппаратынын маалымат саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Наргиза Мансурова мамлекет башчысынын ютубдагы кайрылуусу «не нравится» көп болгонуүчүн эмес, «комментарийлердин көбү фейк аккаунттардан жазылгандыктан» жаңыланып жүктөлгөнүн «Клоопко» билдирди.

«Видеонун астына абдан көп деструктивдүү мүнөздөгү комментарийлер, анын ичинде аймактар аралык бөлүп-жарууну козуткан, адамдын ар-намысына шек келтирген комментарийлердин көбү фейк аккаунттардан жазылгандыктан, видеону өчүрүп салуу жана комментарий калтыруу функциясыз кайра жүктөө чечими кабыл алынды», — деп түшүндүрдү ал.

Учурда президенттин кайрадан жарыяланган видеосу 10 миң жолу көрүлгөн жана комментарий калтыруу функциясы өчүрүлгөн. Ошол эле учурда «жакты» менен «жаккан жок» деген белгилерди койсо болот, бирок алардын саны көрүнбөйт. Анткени видеону жүктөөр алдында бул функция өчүрүлгөн.

«Жаккан жок» басымдуулук кылат

«Клооп» президенттин ютуб каналындагы акыркы 3-4 видеого канча «жакты» менен «жаккан жок» деген белгилер коюлуп, канча комментарий жазылганына баам салып көрдү. Бардык маалыматтар 10-июлга саат 11:40ка карата алынды.

Мисалы, «Дарыгерлерибизге таазим!» видеосу 4 331 жолу көрүлүп, 49 киши жакты десе, 559 киши жакпаганын билдирип, жалпысынан видеонун алдына 39 комментарий жазылган. «Ар бир муунга ар кыл сыноо келет» деген тасма 2 974 жолу көрүлүп, 16 кишиге жакса, 334 кишиге жаккан эмес жана 92 комментарий калтырылган. «Сооронбай Жээнбеков: Аймактар эстен чыкпашы керек» деген видео 1 608 жолу каралып, 10 киши жакты десе, 167 киши жакпаганын белгилеп, 30 комментарий жазылган.

«Маалыматты манипуляциялоо» мыйзам долбоору

Жакында эле Жогорку Кеңеш «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда шыр кабыл алып, президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү. Аталган мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова сунушташкан. Бирок 2018-жылы интернетти ооздуктоо керектигин азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун иниси, ЖК депутаты Асылбек Жээнбеков айтып чыкканын ЖМКлар жазышкан.

Кыргызстандыктар адам укугун чектей турчу мыйзамдын кабыл алынышына каршы. Депутаттар фейктер менен күрөшүү үчүн деп жүйө келтирип жаткан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзам долбоору бир топ эркиндикти чектейт. Ага кабатыр болгондор абдан көп. Мисалы, юристтер эгер бул мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо, бийлик аны өзүлөрүн сындагандарга тандалмалуу түрдө колдонот деп чочулайт. Айрым сайттарды «фейк жаңылык тараттың» деп жаап коюу дагы оңой болуп калат.

Ал эми маалыматтын чын-төгүнүн буга чейин аялдар тууралуу көргөзмөнү сындап, мумияны жерге берген Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аныктайт. Алар кандай жол менен иштей турганы дагы бүдөмүк. Ошондой эле, аталган мыйзамды ишке ашырууга канча каражат жумшалаары да белгисиз.

Ошол эле учурда, юристтер коррупционерлер журналисттердин аткезчилик, паракорчулук тууралуу жасаган иликтөөлөрүн фейк деп министрликке даттанып, аларды блоктоп салдыруу мүмкүнчүлүгү жаралат деп кооптонушат.