Чубак ажы Жалилов

Экс-муфтий, белгилүү диниятчы Чубак ажы Жалилов 45 жашында дүйнө салды. Алдын ала маалыматтарга караганда Жалилов пневмонияга кабылып үй шартында дарыланып жаткан. 11-июлга караган түнү анын абалы оорлошуп Улуттук госпиталга жеткирилген.

«Азаттык» радиосуна госпиталдагы дарыгерлер Жалилов «дем алдырчу аппаратыңыздарды эртерээк туташтырасыздарбы» деп суранганын билдиришкен. Ага дароо эки кычкылтек концентратору уланган. Бирок ал бир сааттан кийин көз жумган.

Социалдык тармактарда, Жалиловдун жаназасы анын кичи мекени Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Баймундуз айылында 11-июлда саат 16:00-18:00 чамасында өтөөрү маалымдалды.

Жалиловдун ата-энеси мугалим болгон. Ал алты бир туугандын экинчиси. Чубак ажы Жалилов 1992-1996-жылдары Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетинде, 2000-2002-жылдары Сауд Арабиясыдагы «Умм аль-Куро» эл аралык университетинин алдындагы араб тили институтунда окуган.

Жалиловдун эмгек жолу 1995-1998-жылдары Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин Чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим болуу менен башталган. Ал эми 2005-2007-жылдары Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти, 2008-2010-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында фатва бөлүмүнүн жетекчиси, ошол эле жылдары Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетинде мугалим болуп эмгектенген.

Чубак ажы Жалилов мурунку муфтий Маратаалы ажы Жуманов каза болгондон кийин 2010-жылы июль айында Уламалар кеңешинин чечими менен шайланган. 2012-жылы бул кызматтан өз каалоосу менен кеткен.

Ал эми 16-июнда Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнөн чыккан. Бул кабар коомчулукта Жалилов шайлоого аттанышы мүмкүн деп божомолдонгон.

Өлкөдө коронавирус менен пневманиянын кескин жайылып ооруканалар толуп калгандыктан бир нече күн мурда Жалилов ага караштуу мечитти обсервация же убактылуу бейтапкана уюштурууга берүүгө даяр экенин билдирген.

Жалилов Куран аяттарын жана хадистерди чечмелеп, элге жөнөкөй тил менен баяндап берген. Анын фатва чыгарууга да уруксаты бар болчу. Ага мусулмандар шарияттан сырткары күнүмдүк турмуштук маселелер менен кайрылып турушчу. Анын жыйындары, чогулуштары миңдеген аудиторияны чогултуп келген.

Чубак ажынын ютубдагы «Насаат медиа» каналында эле 600 миңден ашуун катталуучусу бар. Ал эми анын фейсбуктагы баракчасына 58 миңдей киши жазылган.

Коронавирус пандемиясынанан сырткары июнь айынын ортолорунан баштап пневмония да күч алды. 10-июлга карата Covid-19 инфекциясы 122, пневмония 350 адамдын өмүрүн алды.