Коронавирус дагы 552 адамда тастыкталды, пневмония аныкталгандар тууралуу кабарланган жок

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн күнү коронавирус дагы 552 бейтапта аныкталганын кабарлады. Ал эми канча адамда пневмония тастыкталганын кабарлаган жок.

Коронавирус жуктургандардын ичинен 314 адам Бишкекте, 124ү Чүй облусунда, 28и Баткен облусунда, 26 адам Жалал-Абад облусунда, 24ү Ош шаарында, 17си Нарын облусунда, 13ү Ош облусунда жана алтоосу Ысык-Көл облусунда аныкталды.

Сутка ичинде буга чейин коронавирусу тастыкталган 102 бейтап ооруканадан айыгып чыгарылды. Бишкекте 40, Чүй-облусунда 12, Ош шаары, Ош жана Баткен облустарында 11ден адам, Жалал-Абадда тогуз, Нарын облусунда беш, Талас облусунда эки жана Ысык-Көл облусунда бир адам ооруканадан чыкты.

Айыккандардын арасынан 10 бейтап — медиктер.

Сутка ичинде коронавирус жуктурган үч адам кайтыш болду. Ошондой эле пневмония менен ооруган 32 адам каза тапты.

Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктуруунун 9 910 учуру катталды — бул тапшырган тести терс чыгып, бирок пневмониясы өтүшүп кеткен адамдарды эсепке албагандагы сан. Пневмония, врачтардын пикири боюнча, бул COVID-19дун оор өөрчүгөн формасы, бирок саламаттык министрлиги бейтаптарды эки башка эсептегенин улантууда. Анткен менен мурдараак бул статистиканы бириктирүүнү убада кылган.

Расмий белгилүү 9 910 учурдун ичинен 125 адам каза тапты (ал эми пневмониядан 382 адам көз жумду, бул өткөн жылы ушул эле оорудан жалпы каза тапкандардан көп), 3 236 бейтап айыкты, учурда 6 549 адам ооруп жатат.

Дарыланып жаткан 6 549 адамдын ичинен болгону 631 адам ооруканада, болгондо да алардын ичинен 25 адам реанимацияда. Үй шартында 5 918 адам дарыланууда — бул расмий статистикага киргендери гана — коронавирустун симптому жеңил, бирок оор абалда болбогондорунун көбү ооруканага кайрылбай үйдө дарыланышкан.