Сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан 35 адам көз жумду

Үч адамдын коронавируска тапшырган тести тастыкталган. 65 жана 51 жаштагы эки адам Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында кайтыш болгон. 44 жаштагы адам Лейлек райондук ооруканасында каза тапкан. Расмий маалыматтарга ылайык, пандемия башталгандан бери коронавируска тапшырган тести оң жыйынтык көрсөткөн 125 бейтап дүйнө салды.

Пневмониядан 32 адам каза тапты, алардын ичинен 24 адам Бишкекте. Расмий маалыматтар боюнча, пандемия башталган күндөн тарта пневмония диагнозу менен 382 адамдын өмүрү кыйылды.

Пневмония — бул COVID-19дун оор өрчүгөн формасы, бирок саламаттык министрлиги бейтаптарды эки башка эсептегенин улантууда. Анткен менен мурдараак бул статистиканы бириктирүүнү убада кылган.

Демек, коронавирус өмүрүн кыйгандардын чыныгы саны, саламаттык министрлиги расмий маалымттарда берип аткан 125 эмес, бери эле дегенде 507 адамды түзөт.

Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстанда өлүмдөрдүн көбүн коронавирустун курмандыктарынын тизмесине кошпой, пневмониянын тизмесине бөлүп атышкандыктан чет элдик журналисттер Бобор Азиядагы «белгисиз пневмонияга» көңүл бура башташкан.

Мисалы, 9-июлда Кытайдын Казакстандагы элчилиги «белгисиз пневмониядан» улам казак аймагында этияттык кылууга чакырган эскертме жарыялаган.

Ошол эле маалда элчилик казак аткаминеринин айткандарына таянган жана «бул оору шарттаган өлүмдүн саны жаңы коронавирустукунан да кыйла көп» деп билдирген. Алтургай Казакстан бул маалыматка карата төгүндөө берүүгө да аргасыз болгон.