Өлкөдө бир сутка ичинде дагы 151 бейтап коронавирустан айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрилиги

Республикалык штаб 12-июлга карата коронавирустан дагы 151 бейтап айыкканын кабарлады.

Илдеттен айыккандардын эң көбү Чүй облусунда катталды — 96. Бишкекте — 17, Баткен облусунда — 15, Ош шаарында — 5 , Нарын облусунда 5, Жалал-Абад облусунда — 9, Ош облусунда — 3, ал эми Таласта — бир бейтап коронавирустан айыгып, ооруканалардан чыгарылды.

Жалпысынан өлкө боюнча коронавирустан арылгандардын саны 3387ге жетти — алардын 552си медкызматкер.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 10 629га жетти. 12-июлга карата жаңы 719 учур катталды. Ал эми илдет жалпысынан 132 кишинин өмүрүн алды.