Кыргызстандын мурдагы муфтийи, аалым, таанымал диниятчы Чубак ажы Жалилов 11-июлда жерге берилди. Анын сөөгү кичи мекени Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Баймундуз айылдагы көрүстөнгө коюлду. Жалиловду акыркы сапарга узатууга миңдеген киши келди.

Алардын арасында диний ишмер Абдишүкүр Нарматов да бар. Ал кыргыз эли пайгамбардын мураскорунан айрылганын белгиледи.

Аалым оор абалда 11-июлга караган түнү Улуттук госпиталга жеткирилген. Ал дем алдыруучу аппаратка туташтырылып реанимация бөлүмүнө түшкөн. Бирок бир нече сааттан кийин ал көз жумган.

Саламаттык сактоо министрлиги Жалилов эки тараптуу пневманияга кабылганын, мындан тышкары ал кант диабети менен жабыркап жүргөнүн билдиришти.

Орто Азияга таанымал диниятчынын мезгилсиз дүйнө салганына байланыштуу Казакстандын муфтийи Наурызбай ажы Таганулы, Орус православ чиркөөсүнүн епархиясынын епискобу Даниил Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына көңүл айтышты.

Сүрөттөрдүн автору: Эркин Салиев