Бишкектеги 33 жаштагы скульптор Тамила Маматова адамзат менен COVID-19дун күрөшүн чагылдырган скульптура жасады.

«Бул менин элестөөм менен гана жаралган скульптура. Эгер биримдиктүү болсок бул илдетти бир кол менен эле жеңе алабыз!» — деп жазды ал.

Маматова буга чейин да бир катар эмгектерди жасаган, анын эң белгилүүсү — жазуучу Чыңгыз Айтматовдун скульптурасы болгон.

Кыргызстанда 15-июлга карата коронавирустун жалпы 11 977 учуру катталып — анын 5 314ү айыгып чыкты. Ал эми илдеттен каза болгондордун саны 160ты түздү.