Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 439 учуру катталды — жалпы 11 977 учур

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 15-июлда Кыргызстанда коронавирустун жаңы 439 учуру катталганын маалымдашты. Илдетти жуктуруп алгандардын арасында 105 медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 172 (25 медкызматкер);

Чүй облусунда — 70 (13 медкызматкер);

Ош шаарында — 53 (19 медкызматкер);

Баткен облусунда — 66 (21 медкызматкер);

Жалал-Абад облусунда — 32 (5 медкызматкер);

Ош облусунда — 30 (14 медкызматкер);

Ысык-Көл облусунда — 14 (8 медкызматкер);

Нарын облусунда — 1;

Талас облусунда — 1.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган жарандардын саны 11 977ге жетти. Ооруну жуктуруп алгандардын арасында 1980 медкызматкер бар. Илдеттен 160 киши каза болуп, 5314 бейтап айыкты.

Жалпы оорулуулардын 5454ү Бишкек шаарында аныкталган — борбор калаа бул көрсөткүч боюнча биринчи орунда. Чүй облусунда — 2122, Ош шаарында — 1165, Нарын облусунда — 654, Ош облусунда — 729, Жалал-Абадда — 714, Ысык-Көл облусунда — 382, Баткен облусунда — 421 жана Талас облусунда 96 учур катталды. Мындан сырткары Орусиядан келген 240 жарандан коронавирус тастыкталган.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 645 адам дарыланып жатат — алардын ичинде 18 бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулган. Ошондой эле коронавирусту жуктурган, бирок оорунун белгилери байкалбаган 5858 бейтап үй карантининде отурат. Акыркы сутка ичинде 3101 изилдөө жүргүзүлгөн.