Оштогу тез жардам бекетине ИВЛ-аппараты бар 3 унаа тапшырылды

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Ош шаарындагы тез жардам бекетине үч жаңы ыкчам медициналык жардам көрсөтүүчү унаа тапшырылды. Бул тууралуу Ош шаарыдк мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Жаңы келген 3 тез жардам унаасы менен жалпы 13 техника иштеп жатат. Бул тез жардам унаасында [жасалма] дем алдыруучу аппаратка чейин бар. Автоунаа керектүү жабдуулар менен камсыздалган. Демөөрчүлөр менен жакынкы күндө дагы бир тез жардам унаасын алып жатабыз», — деди калаа башчысы Таалайбек Сарыбашев.

Аталган «тез жардам» унаалар Дүйнөлүк банктын программасынын алкагында алынган. Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине жалпысынан 13 «тез жардам» унаасы өткөрүлгөн — аларды баасы 764 900 АКШ долларын түзгөн.

ССМден билдиришкендей, жаңы алынган унаалардын үчөөсү жасалма дем алдыруучу (ИВЛ) аппарат менен жабдылган. Калган 10 тез жардам унааларына дагы керектүү медициналык жабдуулар орнотулган.

Ысык-Көлдө бузулган тез жардам унаасы

Фейсбуктун колдонуучусу Эмиль Ёма 16-июлда Ысык-Көл облусуна бара жаткан жаңы алынган тез жардам унаасысынын жолдо бузулуп калганына күбө болгон. Видеонун авторунун айтымында, унаа жолдо баратып бир нече жолу бузулган.

Саламаттык сактоо министрлигинен тез жардам унаасы Боом капчыгайында «техникалык бузууга» учураган деп тастыкташты. Учурда унаа Чолпон-Ата шаарында. Унааны тендерден уткан компаниянын механиктер бригадасы оңдой турган болду.

Суроо жараткан унаалар

Алынган тез жардам Орусияда чыккан «В» классындагы «Газель» үлгүсүндөгү унаалардын баасы жарандардын арасында бир катар суроолорду жараткан.

Социалдык тармактардын колдонуучулары так эле ошол унаалардын баасын «20 миң долларга чукул» экенин айтышкан. Ошондой эле колдонуучулар бир автоунааны алып келүү «максимум 1500 долларды түзөт» деп божомолдошкон.

Саламаттык сактоо министрлигинин программаларды ишке ашыруу боюнча башкармалыгынын башчысы Медербек Исмаилов билдиргендей, алынган унаалардын 10у — 4WD «Соболь» унаалары — болжол менен 49 миң долларга түшкөн. Исмаиловдун айтымында, колдонуучулар ал унаалардын ичинде орнотулган дем алдыруучу системалар, кычкылтек балондору жана ыкчам медициналык жардам көрсөтүү үчүн жабдыктарды эске алган эмес.

Мындан сырткары экинчи класстагы 3 даана реанимобилге кубаттоочу шаймандары менен жасалма дем алдыруучу аппараттар орнотулган — алардын ар бирине 90 миң доллардан кеткен.

Исмаилов билдиргендей, бул унааларды сатып алуу үчүн тендер жарыяланып, аны «эң эле төмөн баа сунуштаган» төрт компаниянын бири жеңип алган.

Буга карабастан юрист Эркин Саданбеков Башкы прокуратурага арыз менен кайрылып, тез жардам унааларыны сатып алууда бузууларды аныктоо үчүн иликтөө жүргүзүүнү суранды.