Токтогулда соцөнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери пневмониядан каза болду

Максатбек Нактаев

Жалал-Абад облусундагы Токтогул райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Максатбек Нактаев пневмониядан улам дүйнө салды — ал 63 жашта болгон.

Нактаев бир жумадай убакыт ооруп, дарылануу үчүн Бишкек шаарына барган. Бирок дарылануу жыйынтык көрсөтпөй, ал 16-июлда каза болду. Нактаев Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагында жерге берилди.

Маркум социалдык коргоо тармагына 33 жыл өмүрүн берген.

Кыргызстанда 17-июлдан тарта коронавируска жана COVID-19 пайда кылган пневмонияга чалдыккандардын статистикасы бириктирилди. Коронавирус 23 783 кишиге жукту, анын ичинен 785 бейтап каза болду.