72 жаш курагында кыргыз жана казак киноматографына салым кошкон кинооператор Мурат Алиев дүйнө салды.
Алиев чеберчилиги үчүн далай жолу сыйлыктарга көрсөтүлгөн, ал Геннадий Базаров, Эркин Салиев, Садык Шер-Нияз сыяктуу кыргыз режиссёрлорунун, алтургай казак кино ишмерлери Сатыбалды Нарымбетов жана Ермек Турсуновдун идеяларын жүзөгө ашырган. Ал «кыргыз кереметин» көрүп калган режиссёрлор менен да, азыркы Кыргызстандын талантту кино ишмерлери менен да иштешип, аларга тажрыйбасы менен бөлүшүүгө үлгүргөн.
Алиев киного карай жолун 70-жылдары баштаган. Ошондо ал Төлөмүш Океевдин жана Ирина Поплавскаянын съемкаларында ассистент болгон. Андан кийин режиссёр Каридин Акматалиевдин үч даректүү тасмасын тарткан, ал эми 1980-жылы Геннадий Базаров менен иштеше баштаган. Алиев Базаровго эки даректүү тасма, андан соң «Биринчи» аттуу оюн кино тартып берген.
Мурат Алиев Болот Шамшиев менен «Кыргызфильми» үчүн кандай кызматташса, «Казакфильми» үчүн да ошончолук кызматташып, Казакстандын «Көзгө атар» фильмин, ал эми Кыргызстан үчүн Айтматовдун «Фудзиямадагы кадыр түн» чыгармасынын экранизациясын тарткан.
Алиев Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Жапония жана Франция үчүн тасмаларды тарткан. Жапониялык «Асахи Симбун» компаниясы жана Каридин Акматалиев менен биргеликте «Улуу Жибек-Жолу» аттуу тасма, «Азербайжанфильми» үчүн «Кош бол, түштүк шаар» деген кинолорду тарткан. 2009-жылы азербайжандык режиссёр Рустам Ибрагимбеков менен биргеликте Азербайжан жана Франция үчүн «Арбактын көзү менен» аттуу фильмди тарткан. Акыркы тасма КМШ жана Балтия өлкөлөрүндөгү мыкты тасма катары «Ника» сыйлыгын алган.
Алиев казак киносуна чоң салымын кошту. Шамшиевдин «Көзгө атарынан» тышкары ал «Туздуу көл жээгиндеги үй», «Курак көрпө», «Мустафа Шокай», «Келин» жана «Чал» аттуу тасмаларын тарткан.
«Мустафа Шакой» тасмасында Алиев актёр Болот Бейшеналиевдин уулу Азиз Бейшеналиевди тарткан. Ал эми «Чал» тасмасы мыкты оператордук иш үчүн Asia Pacific Screen Awards сыйлыгына татыган.
Алиев иштеген акыркы тасмалардын катарына Садык Шер-Нияздын «Курманжан Датка» тасмасы, Ермек Турсуновдун «Мытарь» жана Руслан Акундун «Чыдамкайлардын маалы» аттуу казак-кыргыз тасмасы кирет.