Өткөн күнү коронавирус 73 адамдын өмүрүн кыйды. Каза тапкандардын жалпы саны — 935

Маалымат жаңыртылды, кайтыш болгондордун саны кайра эсептелинди — алардын санып көп болуп чыкты.

Республикалык штаб өткөн суткада 73 бейтап көз жумганын кабарлады. Врачтар COVID-19дун оор өткөн формасы деп атап аткан пневмония жана коронавирус боюнча статистика бириктирилгенден кийин сандар ушундай боло баштады.

Сутка ичинде Бишкекте 22, Жалал-Абад облусунда 19, Ош облусунда 15 адам каза тапты. Бейтаптардын жетөөсү Нарын облусунда, бешөө Баткен облусунда, экиден Талас жана Чүй облустарында жана бир адам Ысык-Көл облусунда кайтыш болду.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус 935 адамдын, анын ичинде ондогон медиктердин өмүрүн кыйды. Бирок Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирустан каза тапкан медиктер боюнча тизмесинде 10го жетпеген гана адамдын ысымы бар, анткен менен алардын саны кыйла көп.

Саламаттык сактоо министрлиги статистикаларды бириктиргени менен медиктер боюнча маалыматтар эски форматта берилүүдө — коронавирусу тастыкталган медиктер гана аталууда.