Акыркы суткада коронавирус дагы 1020 кишиден аныкталды — жалпы 26 532 учур

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Хамидулло Узаков

Республикалык штабдан 19-июлда COVID-19 илдетинин жаңы 1020 учуру катталганын билдиришти.

Коронавирус Бишкек шаарында — 369, Ош шаарында — 151, Чүй облусунда — 123, Ош облусу — 178, Талас облусунда — 37, Нарын облусунда — 31, Ысык-Көл облусунда — 31, Жалал-Абад облусунда — 40, Баткен облусунда — 70 кишиден коронавирус аныкталды.

Штаб коронавирус менен ооруканадан тышкаркы пневмониянын статистикасы бириктирилгенден кийин өлкөдө COVID-19га жалпысынан 26 532 адам чалдыкканын кабарлады.