Республикалык штаб 20-июлда COVID-19дан 781 бейтап айыкканын кабарлады. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Ош облусунда катталды — 273 жана 251.
Ошондой эле илдеттен Чүй облусунда — 71, Ош шаарында — 47, Жалал-Абад облусунда — 40, Талас облусунда — 30, Ысык-Көл облусунда — 29, Нарын облусунда — 25 жана Баткен облусунда — 15 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылды.
Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан 13 109 бейтап айыкты — бул жалпы оорулуулардын 48 пайызы.
Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 27 143кө жетти. Учурда ооруканаларда 13 201 бейтап калууда.