Пневмония менен COVID-19дун бирдиктүү статистикасы оорунун масштабын чагылдырат — Исмаилова

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова 20-июлда өткөн брифингде билдиргендей, Саламаттык сактоо министрлиги ооруканадан тышкаркы пневмония жана COVID-19 боюнча статистиканы үч себептен улам бириктирүүнү чечти:

  • Бул сандар оорунун чыныгы масштабдарын көрүүгө мүмкүндүк берет;
  • Статистика эпидемиологиялык абалдын мындан аркы өнүгүү моделин туура болжолдоого көмөк берет;
  • Эпидемияга каршы күрөштүн туура стратегиялык багытын иштеп чыгып, муктаждыктарды туура пландаштырууга жардам берет.

Саламаттык сактоо министрлигинин жарлыгына ылайык, ооруканадан сырткары пневмониянын статистикалык учурлары COVID-19дун көрүнүшү болуп эсептелинет.

Бийлик 2020-жылдын июль айында пневмония жана COVID-19 менен ооругандардын саны кескин өсүп кеткенден кийин статистиканы бириктирди.

«Биз бириктиргенден кийин COVID-19дан каза болгондордун саны жогорулагандыгына карабастан, статистиканы бириктирүү чечимин кабыл алдык», — деди вице-премьер-министр.

Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө пневмония учурларынын бардыгын 2020-жылдын мартынан тарта каттап келет.

Кыргызстан менен катар эле коңшу Казакстандын бийлиги да статистиканы бириктиргени жатканын Казакстандын саламаттык сактоо министрлигинин башчысы Алексей Цойго таянып Tengrinews.kz басылмасы кабарлады.

«COVID-19дун лабораториялык тастыкталган учурлары ПЧР-тесттин жыйынтыгы терс чыгып, бирок коронавирустун клиникалык жана эпидемиологиялык белгилери бар болгон пневмония учурлары менен бириктирилет», — деди Цой.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да твиттеринде өлкөнүн өкмөтүнө пандемияга байланыштуу статистика боюнча чечим чыгарууну сунуштаган.

20-июлга карата, Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 27 143 учуру катталды. Пандемия башталгандан бери 13 109 бейтап айыгып чыкты. Бириктирилген статистикага ылайык, 1037 адам каза тапты.