Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектептин спорт залы беш жылдан бери бүтпөй келет.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектептин спорт залы беш жылдан бери бүтпөй келет. Тендерди утуп алган «Эм Эс Билдинг» компаниясы бюджеттен акча толук бөлүнбөгөндүктөн курулуш аягына чыкпай калганын билдирүүдө.

Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын Турак жай жана жарандык курулуштар департаменти тарабынан 2015-жылдын июль айында конкурс жарыяланып, «Эм Эс Билдинг» компаниясы тендерден утуп чыккан. Өз кызматы үчүн аталган фирма 19 млн сомдой бааны сунуштаган.

Спорт залдын фундаментине, кирпичтерине жана чатырын жапканга бюджеттен 7 миллиондон ашык сом бөлүнүп, калган этаптарына акча которулган эмес. 2015-2016-жылдары курулуш иштери жүрүп, 2017-жылдан баштап бюджеттен акча бөлүнбөгөндүктөн курулуш токтогон.

«Кышында кыйынчылыктар көп болот»

Кош-Дөбө айылынын Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин директору Жайнак Тобокеловдун айтымында, учурда мектепте 940 бала окуйт. Дене тарбия сабагын өтүү үчүн эч кандай мүмкүнчүлүк каралган эмес.

«Бюджеттен акча бөлүнбөй спорт залдын курулушу токтоп калды. Бизде спорт зал такыр эле жок болчу, балдар ачык аянтчага ойношчу. Ошонун ордуна спорт зал салынып жаткан, азыр ал дагы токтоп калды, балдар жайы-кышы дебей кичинекей баскетбол аянтчасына ойноп жатышат», — деди ал.

Мектептин дене тарбия мугалими Ишенбек Токон уулу эшиктеги аянтча дагы тар болгондуктан балдарга сабак өтүүдө кыйынчылыктар жаралып жатканын белгиледи.

«Биздин айылда спорт зал башынан эле жок, сабактарды эшикте өтөбүз. Аянтча дагы аябай тар, балдар ойногондо, норматив тапшырганда кыйынчылыктар болот. Окуучулардын чейрек бааларын норматив менен коёбуз, кышында дагы чуркап норматив тапшырганга туура келет», — деди Токон уулу.

Ал ошондой эле, жумасына ар бир класска экиден саат бөлүнгөнүктөн айрым учурларда эки класстын сааты сүзүшүп калган учурлар көп болорун айтты.

40 градус суукта норматив тапшырган окуучулар

Айыл тургуну Урматбек Шеримбековдун бир баласы мектепте окуйт. Спорт залдын жоктугунан улам жазында кар эригенде, күн жааганда, баласынын буту суу болуп, көп оорурун билдирди.

«Биздин айылда спорт залдын жоктугунан балдарыбыз аябай кыйналат. Нарын облусу тоолуу аймак болгондуктан кар да аябай көп жаайт. Кышында дене тарбия сабагын эшикте өтүп, буттары суу болуп, балдар көп оорушат. Спорт залды эрте бүтүрүп беришсе тургундарга, мектеп окуучуларга аябай жакшы болмок эле», — дейт айыл тургуну.

Айылдагы бейтапкананын башчысы Татина Кайыпбердиева кышында күнүнө жок дегенде ондон кем эмес баланын кайрыларын ырастады. Себеби, айылда суук 40 градус болгондуктан эшикте ары-бери чуркап сабакка катышкан балдар тез эле ооруп калышат.

«Нарында кышында 40 градуска чейин суук болот, окуучулар тамак оору жана өпкө оорулары менен көп келишет. Аларды дарылаганыбыз менен кайра эле мектепке барып, муздак абада дене тарбияга катышат. Ошентип алардын оорусу өнөкөт болуп кетет», — деди ал.

Кайыпбердиева андан сырткары сууктун күнү тамандан сыз өткөндүктөн окуучулар бөйрөгү ооруп да көп келишерин кошумчалады.

Курулушту бүткөрүүгө дагы 13 млн сом керек

«Эм Эс Билдинг» компаниясынын жетекчиси Мурадил Сыдыков «Клоопко» берген маегинде компания тендерди утуп алары менен курулуш иштерин баштаганын айтты. Бирок акча толук бөлүнбөй жаткандыктан 2016-жылы бүтүшү керек болгон курулуш дагы деле токтоп турат. Ал жанында документтер жок болгондуктан коротулган акчалардын так санын айта албастыгын белгилеп, жалпысынан төмөнкүлөргө токтолду.

«Утуп чыкканда эле ишти баштаганбыз, биринчи этабына 5 млн сом бөлүнгөн. Андан бери аз-аздан акча бөлүнүп отуруп, 2017-жылга чейин 7 млн сом бөлүндү. Келишим боюнча бул объект 20 млн сомдук объект болчу, нары жакта дагы 13 млн сом бөлүнүш керек эле», — деп түшүндүрдү ал.

Сыдыков бардык кайрылчу жерлерге кайрылганын, бирок бюджетте акча жок деп жооп алышканыдыктан, иш токтоп турганын кошумчалады.

Эпидемиялык кырдаалдан улам казынадан акча бөлүнбөй калды

Кош-Дөбө айылында 4 миңден ашык киши жашайт. Нарын облусунун эң алыскы айылы болуп саналат. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Адилет Курманалиев «Клоопко» спорт залдын 48 пайызы бүткөнүн айтты.

«Курулуш 2015-2016-жылы бүтмөк, планга ушундай кирген. 2015-жылы 7 млн сомго фундамент куюлуп, кирпичтери коюлуп, чатырынын темирлери тургузулуп, ичине суу киргизилген», — деди ал.

Нарын облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын директору Алмазбек Мамыров «Клоопко» спорт залды толук куруп бүтүрүү үчүн быйыл республикалык бюджеттен акча которулбай турганын билдирди. Ал анын себебин Кыргызстанда жайылып жаткан коронавирус илдети менен байланыштырды.

Белгилей кетсек, 21-июлга карата Нарын облусунда коронавирустун 1236 учуру катталып, 479 бейтап оорудан айыкты. Илдет жалпысынан 17 бейтаптын өмүрүн алды.

Материал жактыбы? Сиз да бюджеттик мониторинг боюнча колдонмону пайдалануу менен ушундай материалдарды жасай аласыз. Android үчүн колонмону бул жерден жүктөп алсаңыз болот.