Жогорку Кеңештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев илдеттен сакайганын парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу 21-июлда билдирди.

Социалдык тармактарда эл өкүлү эки тараптуу пневмониядан бүгүн түндө каза болуптур деген маалымат тараган болчу.

Нуракун уулу ошондой эле, Төрөбаев Жалал-Абад шаарында 50 орундук стационар ачууга аракет кылып жатканын жазган.

«Бир гана маселе эмгек акысын жогору кылып төлөп берели десек да врачтар табылбай жатат дейт. Депутат жакында эле Ош шаарындагы мейманканасын медицина кызматкерлери үчүн обсервацияга берген», — деди Нуракун уулу.

Бир ай мурун Бакыт Төрөбаевге дагы коронавирус жукканы кабарланган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин бир нече депутатынан коронавирус илдети тастыкталганы кабарланган болчу. Алардын ичинде Бейшеналы Нурдинов, Тазабек Икрамов, Экмат Байбакпаев, Бакыт Төрөбаев бар. Ошондой эле, парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу дагы бар. Бирок, Нуракун уулу илдеттен айыгып үйүнө чыгарылган.

21-июлга карата өлкө боюнча коронавирустун 28 251 учуру катталып, ал 1079 бейтаптын өмүрүн алды. Кыргызстанда ооруканадан тышкаркы пневмонияны да коронавирус пайда кылгандыктан эки оорунун статистикасы 17-июлдан тарта бириктирилген.