Коомдук ишмер, экс-депутат Жыпар Жекшеев коронавирустан улам 21-июлдун түнүндө 73 жашында каза болду.

Ага коронавирус илдети жуккандыктан Бишкектеги Улуттук госпиталга жаткырылган. Жакындарынын айтымында, абалы оор болчу.

Жыпар Жекшеев 1947-жылы 26-майда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында туулган.

Жогорку билимдүү, Чуйков атындагы көркөм сүрөт училищесин, Мамлекеттик искусство институтун жана Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. Учурунда Ысык-Көл облусунун көркөм сүрөт фондун жетектеген. Ошондой эле, кол өнөрчүлөрдүн «Кыял» бирикмесинде сабак берген. 1990-жылдардан тарта саясатка активдүү катыша баштаган.

1989-жылы Кыргызстандагы туңгуч демократиячыл уюмдардын бири болгон «Ашардын» аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. Ал эми 1990-жылы май айында «Кыргызстан» демократиялык кыймылынын беш теңтөрагасынын бири болгон.

1993-жылы «Кыргызстандын демократиялык кыймылы» партиясын башкарган. 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, Адам укуктары жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасы комитетинин төрагасы болгон. 2005-жылдагы апрель окуясынан кийин абалды турукташтыруу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2007-2009-жылдары ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандын улуттук комиссиянын башкы-катчылыгын аркалаган. 2009-жылы өлкө президенттигине талапкерлигин койгон.

2017-2019-жылдары КТРКнын коомдук кеңешин жетектеген.

Жасаган эмгектери мамлекет тарабынан бааланып, «Даңк» жана «Манас - 1000» медалы менен сыйланган. Үч китеп жана өлкөдөгү коомдук-саясий маселелер боюнча 100дөн ашык макала жазган.