Өлкөдө коронавирус жуккан кишилердин 52 пайызы айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 21-июлга карата коронавирустан дагы 1667 бейтап айыкканын кабарлады.

Ооруканалардан чыгарылган бейтаптардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 654. Мындан сырткары Чүй облусунда — 376, Ош облусунда — 181, Ысык-Көл облусунда — 138, Жалал-Абад облусунда — 100, Нарын облусунда — 76, Талас облусунда — 66, Баткен облусунда — 50 жана Ош шаарында — 26 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылышты.

Жалпысынан өлкө боюнча коронавирустан арылгандардын саны 14 776га жетти. Алардын 624ү медкызматкерлер. Жалпысынан илдет 28251 адамдан аныкталган.

21-июлга карата өлкөдө коронавирустун жаңы 1108 учуру катталды. Ушул тапта 2840 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ал эми COVID-19 илдетинен 1079 киши каза болду.