Екатеринбургдагы кыргыз-тажик мушташы боюнча ИИМ менен диаспоранын версиясы эки башка

Социалдык тармактарда Орусиянын Екатеринбург шаарында кыргыз жана тажик улутундагы жарандардын массалык мушташы тартылган тасма тарады. Ички иштер министрлигинен окуя 19чу жана 20-июлда болгонун билдиришти.

Соцтармактардагы тасмадан ыктымал тажик улутундагы ондогон кишилерди көрүүгө болот. Ошондой эле видеого эки бала сабалып, кийин жерде жатып калганы тартылган. Жабырлануучулар кыргыз мигранттары болушу ыктымал.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү аталган маалыматты тастыктап, чыр-чатак 19-июлда башталганын кабарлады. Ага кыргыз улутундагы кызга тажик улутундагы жигиттер тийишип койгону себеп болгон дейт укук коргоо органдары.

ИИМдин версиясы

Алгачкы урушка ар бир тараптан 10-15ке жакын адам катышкан. ИИМден мушташтын катышуучуларынын көбү Орусиянын жарандары болгонун белгилешти. Чыр-чатактын кесепетинен эки тараптан тең жаракат алгандар болгон.

Кыргызстандын укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, кыргыз улутундагы жаштар WhatsApp мессенджери аркылуу «тажиктер кыргыз баланы өлтүрдү» деген жалган маалымат таратып, өч алууга чакырган.

«Анын жыйынтыгы менен 30-40тай кыргыздар жана андан эки эсе көп тажиктер топтолгон видео тараган. Бул окуя күбөлөр жана мушташка катышкандар тарабынан видеого тартылып алынып, ал орусиялык ЖМКлар аркылуу тарап, эки кыргыз жабыр тартканы, алардын абалы канааттандыраарлык экендиги айтылган», — деп жазылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Кийинчерээк кыргызстандыктар WhatsApp мессенджери аркылуу экинчи чыр учурунда тажик тарап «эки кыргызды өлтүргөн» деген маалыматты таратып, 22-июлда чогулууга чакырышкан. Бирок Екатеринбург шаарынын укук коргоо органдары жаңжалды алдын алып, тийиштүү жарандардын бардыгын кармады.

Аталган окуя Орусиянын полициясы тарабынан катталды. Ошондой эле, аймактык полиция бөлүктөрү кезметтерди күчөтүп, окуя болгон шаарда кайгуул жүргүзүүдө.

Диаспоранын версиясы

Кыргыз жана тажик диаспораларынын жетекчилери — Гүлшан Долонбаева жана Фаррух Мизоев — «Озодиге» берген маегинде мигранттарды тынчытуу үчүн алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатканын билдиришти. Алардын айтымында, чыр шаардын стадиондорунун биринде башталган. Мигранттар 18-июлда кечинде футбол ойноого келишкен.

Долонбаева жергиликтүү бийлик бул маселени чечүүнү эки тараптын диаспораларына жүктөгөнүн билдирди.

«Аткаминерлердин эч кимиси бизди коркуткан жок, биз жергиликтүү бийлик менен кызматташып жатабыз. Болгону алар мигранттардын ортосунда чыккан чырды диаспоралардын өздөрү чечүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Бул иш-чарага биздин аксакалдар да кошулду. Чырга чекит коюлду деген ойдомун», — деп билдирген Гүлшан Долонбаева.

Ал эми тажик диаспорасынын өкүлү Фаррух Мирзоевдун айтымында, чыр учурунда жабыркагандар болгон эмес.

«Оюн учурунда тараптар айтыша кетип, ал чырга айланган. Экинчи күнү ал массалык мушташка чейин жеткен. Жаңжал болгон жерге полиция кызматкерлери келгенде баары качып кетишкен. Эч ким жабыркаган эмес, кандай болсо дагы мигранттардан эч кимиси шаардын медицина мекемелерине кайрылбаптыр», — деди тажик диаспорасынын өкүлү Фаррух Мирзоев.

Мирзоев бул кырдаалды жергиликтүү улутчулдар пайдаланып, кыргыздар жана тажиктердин ортосунда кайрадан чыр чыгарып салышы мүмкүн деп чочулады. Ага жол бербөө үчүн жергиликтүү бийлик менен кошо мигранттарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

«Озодинин» маалыматына ылайык, Екатеринбург, Урал федералдык аймак жана Свердлов облусунун административдик борборунда 50 миңге чукул кыргызстандык жана 120 миңге чукул Тажикстандын жараны эмнектенет.