Башкы инфекционист өпкөнүн шишип кетишине эмне себеп экенин айтып берди

Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы инфекционисти Айнура Кутманова 23-июлда «Слово доктору» берүүсүнүн эфирине катышып, COVID-19 жана пневмония менен ооруган бейтаптарды дарылоодо кандай каталар кетип жатканы тууралуу суроолорго жооп берди.

«Патологоанатомдор соңку айда бейтаптар өпкөсү шишип, айрыкча оорунун биринчи аптасында кайтыш боло баштаганын айтышты. Бул бейтаптарды дарылоо тактикасы анчейин туура эмес болуп жатканын айгинелейт», — деп белгиледи ал.

Анын айтымында, суюктуктун көп болушу өпкөнүн шишип кетишине алып келет, ал эми ал суюктук организмге тек гана тамырдын ичине асма укол аркылуу жиберилет. Ошол эле учурда, дарылоо боюнча протоколдордо оорунун жеңил формасында дене табын төмөндөтүү үчүн таблетка формасындагы препараттар гана берилиши керек деп так жазылган.

Кутманова түшүндүргөндөй, эгер бейтаптын дене табы (улгайгандардыкы 38 жана жаштар менен орто жаштагылардыкы 38,5 градустан жогору) көтөрүлсө, анда дезонтоксикация үчүн аны дарылоонун негизгиси — бул суюктукту көп ичүү эсептелет.

«Оору орточо оор формада болгондо да ушундай эле дарылайбыз — ысыкты түшүрүүчү дары гана [берип], суюктукту көп ичүүнү кеңеш кылабыз. Эгер жөтөл пайда болуп, бир аптадан ашык убакытка созулса, температура ылдыйлабай, парацетамол жардам бербесе, мындай учурда бактериалдык инфекция катмарланып кетиши ыктымал. Биз кайрадан эле таблетка түрүндө ичиле турган бактерияга каршы препараттарды кеңеш кылабыз. Тагыраагы, биз жеңил жана орточо оор формада эч кандай инъекциялык препараттарды кеңеш кылбайбыз», — деп айтып берди ал.

Инфекция боюнча адис белгилегендей, медиктер күндүзгү стационарларды кыдырып чыгышканда бейтаптын бардыгы суюктукту көбүнчө тамырдын ичине куйдурушканын көрүшкөн.

«Биринчи эле “Чындап эле бардыгына ушинтсе боло береби?” деген суроо жаралды. Врачтар менен сүйлөшүп атканда эмне үчүн ушундай деп сураганда алар “Бейтаптарга жөн гана дары жазып бергенде нааразы болуп, суюктукту тамырдын ичине куюуну талап кылышканын” айтышты. Тактап айтканда, психологиялык жактан ээлигип алышкан, сөзсүз түрдө асма укол куйдурушубуз керек дешип. Ушул нерсе “ашыкча куюлуп кеткендиктен” — бул оор абалга кептеп, оорулуулар көз жума берген», — деп түшүндүрдү Кутманова.

Ал күндүзгү жана түнкү стационарлардагы бейтаптардын абалы дароо начарлап кеткенде аларды адистештирилген ооруканаларга алып келишкен учурларга көңүл бурду. Ал кесиптешинин сөзүнө таянып айтып бергендей, бир бейтапты интубация кылып, өпкөнү жасалма дем алдырууга алгылары келген, бирок андан суюктук токтобой акканына байланыштуу анте алышкан эмес.

«Ошондуктан калкыбызды негизсиз эле кайсы бир дарылоону талап кыла бербөөгө чакыргым келет. Мээрбандар биздин протоколду аткарып, дарылоо биздин протоколго ылайык жүргүзүлүп жатат», — деди Кутманова.