Легендарлуу боксерлор Майк Тайсон жана Рой Джонс беттешет

Рой Джонс жана Майк Тайсон

Бокс боюнча оор салмактагылар арасында мурдагы дүйнө чемпиону Майк Тайсон дүйнөнүн төрт салмак боюнча экс-чемпиону Рой Джонс менен 12-сентябрда АКШнын Калифорния штатында беттешет.

Көргөзмө боксердук беттешүү 8-раунддан туруп, мушкерлердин расмий статистикасына таасирин тийгизбейт.

«Мен кайрадан кайтып келдим», — деп жазды Майк Тайсон өзүнүн Твиттер баракчасында.

1986-жылы 20 жаштагы Майк Тайсон Тревор Бербикти нокаут менен жеңип, дүйнө чемпиону наамына ээ болгон. Тайсон бокс тарыхында эң жаш чемпион болуп келет. Ал өзүнүн карьерасында 58 жолу рингге чыгып, 50 жолу жеңишке ээ болгон — алардын 44ү нокаут менен.

Майк Тайсон өзүнүн карьерасын 2005-жылы аяктаган.

Мушкерлер жаштыгында

Ал эми 51 жаштагы Орусиялык мушкер Рой Джонс бир нече салмактык категорияда чемпион болууга үлгүргөн. Бирок анын эң ийгиликтүү беттештери жарым оор салмак категориясында өткөн. Джонс өзүнүн карьерасында 75 беттешүүгө чыгып, анын 66сын жеңген.

*Рой Джонс 2015-жылдын август айында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуп, андан жарандык берүүнү өтүнгөн. Арадан бир ай өтүп Джонс Орусиянын жарандыгын алган.

Джонс карьерасын болгону эки жыл мурун бүтүргөн, бирок Майк Тайсон менен бирге рингге чыгуу үчүн ал бокска кайтып келүүгө макулдугун берген.

«Ооба, бул чындык, Майк — легенда. Ал менен рингге чыгуу сунушунан баш тартуу келесоолук болмок. Мен кайрадан мушташууну каалаган эмесмин, бирок Майк Тайсон үчүн кайтууга макулмун», — деп келтирет Джонстун сөзүн Sports.ru.

Күйөрмандар Майк Тайсон жана Рой Джонстун беттешин 2003-жылы күтүшкөн. Бирок белгисиз себептерден улам алар рингге чыгышкан эмес.