Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 27-июлга карата коронавирустан дагы 817 бейтап айыкканын кабарлады — алардын ичинде 60 медкызматкер бар.

Илдеттен айыккандардын негизги бөлүгү Бишкек шаарында катталды — 445. Ошондой эле Жалал-Абад облусунда — 105, Ош шаарында — 90, Чүй облусунда — 66, Баткен облусунда — 59, Ош облусунда — 37, Талас жана Ысык-Кол облустарында жетиден, Нарын облусунда бир бейтап ооруканалардан айыгып чыгарылды.

Жалпысынан өлкө боюнча коронавирустан 21 205 киши арылды же жалпы оорулуулардын 64 пайызы — илдет 33 296 адамдан аныкталган.

Учурда 10 801 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат. Мындан сырткары коронавирус жалпысынан 1301 кишинин өмүрүн алды.