Коронавирустан айыккандардын саны 23 343кө жетти

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 29-июлга карата коронавирустан дагы 1 047 бейтап айыкканын кабарлады.

Өткөн суткада Бишкек шаарында 389 киши сакайды. Ошондой эле, Чүй облусунан — 117, Ысык-Көл облусунан — 110, Ош шаарынан — 100, Ош облусунан — 95, Жалал-Абад облусунан — 92, Баткен облусунан — 61, Талас облусунан — 52 жана Нарын облусунан — 31 бейтап айыкты.

Жалпысынан өлкө боюнча коронавирустан арылгандардын саны 23 343кө жетти — бул жалпы оорулуулардын 67 пайызы. Алардын ичинде 1595 медкызматкер бар.

Жалпысынан илдет 34 512 адамдан аныкталган — анын 1 347си каза болду.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.