Кыргызстанда COVID-19 жуктурган 18 бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Өткөн суткада коронавирус жуктурган дагы 18 адам каза болгону белгилүү болду. Бул тууралуу 29-июлда республикалык штаб кабарлады.

Аймактар боюнча:

Бишкек — 9;

Ош шаары — 4;

Чүй облусу — 2;

Талас облусу — 1;

Ош облусу — 1;

Ысык-Көл облусу — 1.

Жалпысынан коронавирус пандемиясы башталгандан тарта Кыргызстанда 1347 бейтап көз жумду — бул статистикага COVID-19 жуктуруп жана ал пайда кылган пневмонияга чалдыгып каза болгон бейтаптар кирген.

Кыргызстанда коронавирус жалпы 34 512 адамдан аныкталды. Анын ичинде 23 343 бейтап айыкты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.