Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 34 миңден ашты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан кабарлашкандай, 29-июлда коронавирустун жаңы 668 учуру катталды. COVID-19дун жаңы учурларынын 98и лабораториялык тастыкталган.

Бир суткада катталган жаңы учурлардын аймактардагы көрсөткүчү:

Ысык-Көл облусу — 157;

Бишкек шаары — 118;

Жалал-Абад облусу — 115;

Чүй облусу — 82;

Ош шаары — 80;

Ош облусу — 50;

Баткен облусу — 27;

Талас облусу — 24;

Нарын облусу — 15.

Ошентип жалпысынан өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 34 512ге жетти. Илдеттен 23 343 бейтап айыгып, 1 347 киши каза болду. Учурда 9 866 бейтап ооруканаларда калууда

Бишкек шаарындагы ооруканаларда 3 951 бейтап дарыланууда. Ошондой эле Чүй облусунда — 1227, Ош облусунда — 1163, Ысык-Көл облусунда — 1037, Жалал-Абад облусунда — 862, Ош шаарында — 586, Баткен облусунда — 489, Талас облусунда — 338 жана Нарын облусунда — 212 киши коронавирус менен күрөшүүдө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.