«Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 30-июлда коронавирустун пандемиясынан улам өмүрү кыйылган кыргызстандыктарды эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Улуттук аза күтүү күнүнө арналган эскерүү иш-чарасына президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максат Токтомушев катышты.

«Бүгүнкү күн — коронавирустан каза болгон мекендештерибизди эскерүүгө арналган Улуттук аза күтүү күнү. Жалпы кыргызстандыктар көзү өткөндөрдү эскерип, аза күткөн, маркумдардын үй-бүлөсүнө кайрат айтып, тилектештик билдире турган күн. Дүйнөлүк апаатка айланган бул илдет Кыргызстан элин да кайгы-муңга салды, боордошторбуздан айрылып калдык. Оорунун айынан жарандарыбыздын ата-энелери, балдары, бир туугандары, жакындары каза болушту. Өлкөбүз орду толгус жоготууга учурады. Ар бир көз жумган мекендешим менин сай-сөөгүмдү сыздатып, жүрөгүмдү канатып кетти…», — деди Сооронбай Жээнбеков жарандарга карата жасаган кайрылуусунда.

Мурдараак президент «Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 30-июлун Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Бул күнү өлкөнүн аймагында тиешелүү иш-чаралар өтүп, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарындагы мамлекеттик желектер түшүрүлөт.

Ал эми маданият жайлары менен телерадикомпанияларга аза күтүү күнүндө көңүл ачуучу иш-чаралар менен берүүлөрдү токтотуу сунушталган.

Өткөн күндө Кыргызстанда пневмония жана COVID-19дан 17 бейтап көз жумду. Жалпысынан өлкөдө коронавирус жана пневмониядан улам 1 364 адамдын өмүрү кыйылды.