Бишкектин борборунда 8 млн сомго Бишкек баатырдын айкели орнотулат

Борбор калаада Бишкек баатырдын айкелин коюу боюнча иштер башталды. Ал Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде орун алат.

Айкелди коюу үчүн пайдубалы түптөлүп, тышын плита менен чаптоо иши башталды — бул ишти «Бишкекасфальтсервис» ишканасы аткарууда, анын аяккы баасы кийинчерээк аныкталат.

Азырынча айкелдин көрүнүшү чоң айлампага окшош, ал макет боюнча Бишкектин картасы түшүрүлгөн калкандай көрүнүшү керек болуп, анын жанында Бишкек баатырдын үч метрлик айкели тургузулат.

Бишкек баатырдын эстелигин орнотууга 8 млн сом кетет — аны орнотуу үчүн акчаны марафон учурунда «Бишкек баатыр» бирикмеси чогулткан. Монументтин автору — скульптор Адил Сейталиев. Анын эмгеги 2019-жылы «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасы уюштурган ачык конкурста жеңип чыккан.

Айкелдин бийиктиги үч метрден ашык болуп, анын пайдубалы бир жарым метрди түзөт.