«Мекен» тасмасын кинотеатрларда коюуга Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уруксат бердирбей койгонун кинонун продюсери Бектемир Мамаюсупов билдирди.

Кинодо негизинен экология темасы чагылдырылат. Окуя каарман Бектемирдин айланасында өнүгөт. Каармандын тынч жашоосун тоону жардырып, кен казгандар бузат. Алгач бул жагдайга кайдыгер караган Бектемир кийинчерээк кендин залакасы анын жеке үй-бүлөөсүнө, мал-жанына тийгенде гана өзүм билимдик менен иштеп жаткан ишканага каршы күрөшө баштайт. Бектемирдин бул күрөшү бара-бара жалпы элдин бүткүл коррупциялашкан системага каршы күрөшүнө айланат.

Мамаюсуповдун айтымында, тасма элге быйыл январь айында тартууланмак. Бирок мамлекеттик органдар тарабынан жасалган тоскоолдуктан улам ал ишке ашпай калган.

«Биз коррупцияны, экологияны көрсөткөнүбүз үчүн коркуп жатышат. Тасманы 2019-жылы күзүндө тартканбыз. Январь айында чыгарууну пландаганбыз. Бирок тилекке каршы бизге жеткен маалыматтар боюнча Маданият министрлигинен кинотеатрларга чалып биздин тасмабызды коюшпайсын дешиптир», — деди Мамаюсупов.

Тасманын продюсери менен режиссеру - Бектемир Мамаюсупов жана Медербек Жалилов

Ал эми тасманын режиссеру Медербек Жалилов кинонун мазмунун текшерип чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлүп, анын курамына укук коргоо органдарынан тарта президенттин аппаратынын өкүлдөрү, Саламаттык сактоо жана Маданият минстрлигинен өкүлдөр киргенин айтты.

«Тасмадан кыйкым издеп, пара берген жерлерди кесип салгыла деп жатышат. Биз бул биринчиден көркөм тасма экенин айтып жатабыз. Экинчиден, биз ал тасманы кыскартып кесип, же башынан тарткыдай мамлекет бизге бир тыйын берген эмес. Өзүбүздүн демөөрчүлөрдөн карызга алган акчага тартканбыз», — деди Жалилов.

«Мекен» тасмасы 31-июлда саат 20:00дө Solo Mediaнын YouTube каналына жарыяланат. Мындай чечимди тасманын режиссеру менен продюсери Медербек Жалилов фейсбукта билдирди.

Кинематография департаментинин өкүлү Айзада Усупбекова «Азаттык» радиосуна кинодо «милициянын аброюна шек келтирилген» жана каада-салт бурмаланып калганын маалымдады.

«Кээ бир жерлеринде ачык-айкын милициянын аброюна шек келтирген учурлар бар. Милиция кызматкерлерин начар жагынан көрсөтүп койгон. Кыргыз аялы эч качан кара кийинип жолдошун көмгөндө мүрзөгө барбайт», — деди Усупбекова.

Тасманын жаратуучуларынын айтымында, көркөм фильм тартууга 100 миң доллар кеткен. Эми кеткен чыгымдарда акташ үчүн алар кино интернетке жарыялангандан кийин атайын эсеп ачышат. Тасманы тарткандар кайдыгер эмес адамдар жардам берет деп ишенишет.