Акыркы суткада 1052 бейтап коронавирустан сакайды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 31-июлда COVID-19дан дагы 1052 бейтап айыкканын кабарлады. Илдеттен сакайгандардын арасында 50 медкызматкер бар.

Коронавирустан сакайгандардын көбү Бишкек шаарында — 393 киши. Ошондой эле, Ош шаарынан — 136, Жалал-Абад облусунан — 103, Чүй облусунан — 87, Ош облусунан — 84, Баткен облусунан — 78, Ысык-Көл облусунан — 75, Талас облусунан — 63 жана Нарын облусунан — 33 бейтап айыкты.

Жалпысынан өлкө боюнча коронавирустан арылгандардын саны 25 526га жетти — алардын ичинде 1 714 медкызматкер бар.

Кыргызстанда 31-июлга карата коронавирустун жаңы 662 учуру катталып, жалпы илдет жуктургандардын саны 35 805ке жетти. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 8 966 адам дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.