Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 35 805ке жетти — жаңы 662 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 31-июлда коронавирустун жаңы 662 учуру катталганын кабарлашты. Илдетке чалдыккандардын арасында 25 медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 221;

Жалал-Абад облусу — 102;

Ысык-Көл облусу — 82;

Ош облусу — 81;

Ош шаары — 52;

Баткен облусу — 47;

Чүй облусу — 42;

Талас облусу — 22;

Нарын облусу — 13.

Ушуну менен COVID-19 жуктуруп алган жарандардын саны 35 805ке жетти — бул статистикага ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан бейтаптар да кирет. Алардын арасында 2 768 медициналык кызматкер бар.

Коронавируска чалдыккандар Бишкекте эң көп, борбор калаада 15 457 адамдан COVID-19 аныкталды. Чүй облусу бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда келе жатат — 4 757 учур. Ош облусунда — 3 087, Жалал-Абад облусунда — 3 045, Ош шаарында — 2 811, Ысык-Көл облусунда — 2 615, Баткен облусунда — 1 535, Нарын облусунда — 1 464 жана Талас облусунда — 1 114 адам илдетке чалдыкты.

Коронавиурсту жуктуруп алгандардын 25 526сы — башкача айтканда 71 пайызы айыгып, 1 378 киши каза болду. Учурда 8 966 бейтап ооруканаларда калууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.